Menu

АШАнын ишенген кожосу – Ирина Карамушкина кыргыз элин кантип тебелеп келе жатат?

Бөлүшүү:

Бул жашоодо эч нерсе түбөлүктүү эмес. Мансап, бийлик, кызмат – булардын баарысы колдун кири сыяктуу. Башкаларды айтпасак да Кыргызстанда 30 жылга жакын убакыт аралыгында беш ирет президент, беш жолу парламент алмашты. Ал эми азыр канчанчы өкмөт иштеп жаткандыгын так айтыш кыйын. Эң өкүнүчтүүсү кыргыз бийлигине келгендер сый-урмат, абийир менен кете албай жатышат.

Акаев менен Бакиев куулганда “кыргыздар эркиндикти сүйгөн кандай кыйын элбиз” деп бир топко чейин эдиреңдедик. Ушул сөздү баарысынан көп кайталаган экс-президент Алмазбек Атамбаев мурдагы эки ажонун таз кейпин кийип, абийири аштай төгүлө баштады. Айласы куруп турган Алмазбек Шаршеновичке азыр жан тарткандардын аздыгы да аябай таң калтырат. Анын таламын талашкандар саналуу гана жана алардын бири деп Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны атасак болот.

Экс-ажонун “кара кылды как жарган калыстыгы” менен мандатка ээ болгон Ирина айымдын деле азыр доору аяктап баратат. Анын багын ачкан КСДПнын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп, “лже-лидерлери” уят сыятты жыйыштырып коюп эле мөөр талашып жүрөт. Кой дегенге да эч ким жарабады. Ал эми парламентте отургандары 2020-жылды эстегенде жүрөктөрү зилдеп, И.Карамушкина сыяктуулары укуктары тебеленип жатканын айтып, таарынчаак болуп кетишти.

Мындан бир ай мурда “мени 55 жашка толгон туулган күнүм менен жыйында куттуктабай койдуңар, Карамушкина силерге жакпай жатабы? Мен өзүм орус болсом, кыргыз тилиндеги китеп бересиз”- деп парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго тултуңдаганы эсибизде.

Кыргызстанда туулуп, ушул өлкөдө өсүп-өнүп, азыркыдай даражага чейин жеткен менен И.Карамушкина кыргыз калкын сыйлабай тургандыгы жаңылык эмес. Алсак эки жыл мурда Россияга барып “Кыргыздар орустарды кодулап, кыргызча сүйлөгүлө дей беришкендерининен көчөдө баса албай калдык, жардам бергиле” деп кандаштарына арыз-муңун төккөнүн кесиптештери айтып чыгышкан.

Ал эми төрт жыл мурда мамлекеттик кызматкерлердин баарысын кыргыз тилин үйрөнүүгө милдеттендирүү керек деген маселе көтөрүлүп, атайын мыйзам долбоору депутаттардын кароосуна коюлганда Ирина Карамушкина “бул дискриминациялоо” деп биринчилерден болуп каршы чыкканын да эске сала кетпесек, жогоруда айтылган маалыматтардын кенемтеси кем болуп калчудай.

Кечээ жакында эле ал “парламент кейпибиз деле калбай калды, таратпайлыбы” дей коюп кесиптеши Эльвира Сурабалдиеванын капаатына кабылды: “Ирина Юрьевна депутаттык орундугуна жабышкысы келбегени чын болсо, мандатын биринчи тапшырып, үлгү көрсөтсүн” деп маселени кабыргасынан койду. Эгерде ал чындап эле мандатын тапшырса, эмне менен алектенет же Россияга кетип калабы? Ишенимдүү сүйлөп жатканына караганда, балким анда орус жарандыгы да болуп жүрбөсүн?!

Негизи, И.Карамушкинанын жүрүм-турумуна түшүнүү кыйын. 2017-жылы эл аралык нормаларды тебелеп, Украина өлкөсүн кабардар кылбастан, Крымга барып, Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы мамилелерге көлөкө түшүргөндүгү үчүн украин элчиси Николай Дорошенко ТИМдин атынан кыргыз тарапка дипломатиялык нааразылык билдирген.

Анткени, ал жерде да жөн жүрбөгөн Ирина айым дөөрүп жиберген өңдүү. Дагы кошумчаласак, 2012-жылдын февраль айында Карамушкинанын кызматтык унаасы 70 жаштагы Асангазы Кутманалиевди коюп кетип, ал кырсык болгон жерде каза тапкан. Депутаттык унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Ошондой жагдайларга карабастан, И.Карамушкина ал учурдагы доорону жүрүн турган абалын пайдаланып ишти будамайлан салгандыгы да эске түштү. “Кыңыр иш кырк жылда” дегендей, эгер Атамбаевдин эски былыктары азыр чубала баштаса, депутат айым кыл жип менен буудурган ал иш да кайра каралабы деген ой келет. Айтмакчы, айдоочусун анчалык жаап-жашырып жатканына караганда соо эмес окшойт?!

Кадырбек Саалиев

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: