Бүгүн, 3-июлда Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы хан сарайында тарапкерлерине бука сойду. “Атамбаев менен КСДП” партиясынын билдирүүсүнө караганда бул буканы Атамбаевге жан тарткан УКМКнын кызматкерлери менен ардагерлери “союп жегиле” деп жетелеп келишиптир.
“Футболкачан келгендер боз үйгө киргиле, үшүтүп албайлы силерди”, – деп тарапкелерине кам көрө учурашты Алмаз Атамбаев. Анан союшка жетеленип келген буканы союуга батасын берип, куран окуду.
“Жаратканым, ушул курмандыкты ала көр, ушул кандан башка бүгүн да, эртең да кан төгүлбөсүн. Кыргыз элибиздин жолун ачып бере көр. Мына ушул жерде турган жигиттердин баары кыргыз эли үчүн, кыргыздын келечеги үчүн жолго чыктык. Кыргыз элибизге кайрадан берекет, ынтымак бере көр. Ушул жерде турган жигиттердин дагы баарынын жолун ачып бер, жамандык көрбөсүн, эч качан. Балдары да жамандык көрбөсүн. Аллахым, жаратканым, үмүтүбүз дайыма сенде. Биз ишенебиз, биздин жолубуз туура, ишибиз туура, бизди колдой көр. Жакшылык болсун, тынччылык болсун, ынтымак болсун. Кыргыз элибизге ынтымак келсин, жерибизге берекет келсин, оомийин!” – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видео: КСДП
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ