Menu

9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган

Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 25,4 пайызга азайган, каза болгон жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров маалымдады.
“2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 265 өрт кырсыгы катталган, ал эми өткөн жылы ушул эле аралыкта 355 өрт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 25,4% азайган. Быйыл өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттү өчүрүүдө 2 адам өмүрү жана 877 млн. 218 000 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган”, -деди ал.
Маалыматка караганда, болуп өткөн өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 18 млн. 708 мин 323 сомду түзгөн.
Облустагы өрттөрдүн негизги себептери:
1. электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан –89 (33,6%);
2. отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 30 (11,3%);
3. балдардын от менен ойноосунан – 44 (16,6%),
4. мештерди жана морлорду колдонууда этиятсыздык – 14, (5,3%);
Өрт болгон негизги обьектилер:
– турак-жай сектору – 181 (68,3%)
– автоунаа, гараж, – 30 (11,3%)
– ачык аймак – 18 (6,8%)
-өндүрүш обьектилери – 9 (3,4%)
– кампалар, соода бөлмөлөр 7 (2,6%)
Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:
– Жалал-Абад шаарында -28;
– Кара-Көл шаарында- 8;
– Майлуу-Суу шаарында-7;
– Таш-Көмүр шаарында -15;
– Аксы районунуда- 22;
– Ала-Бука районунда- 14;
– Базар-Коргон районунда- 21;
– Ноокен районунда -43;
– Сузак районунда -71;
– Тогуз-Торо районунда -4;
– Токтогул районунда -26;
– Чаткал районунда- 6 өрт кырсыгы катталган.
Жалпы 265 өрт кырсыгынан 181 өрт кырсыгы турак-жай секторунда катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: