Бүгүн, 26-ноябрда, саат 12:00дө, “Дубовый парк” Сүрөтчүлөр Союзунун көргөзмө залында чоң масштабдагы эл аралык “BURANA FASHION WEEK-2019” мода жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Назира Бегим билдирди.
Анын айтымында, 26-28 ноябрда “Мезгил изи” аталышындагы өзгөчө кийимдер көргөзмөсү болот. Көргөзмө бүгүн старт алды. Аталган иш-чара 29-ноябрга чейин өтөт. “Мода жумалыгына” биздин жана чет элдик атактуу дизайнерлердин эксклюзивдүү кийимдери (Индия, Италия, Казакстан, Өзбекистан, Түркия, Амстердам, Тыва, Орусия, Франция коллекциясы) көрсөтүлөт. 29-ноябрда жыйынтыкталып, Кыргызстандын Мода индустриясынын мыктыларына сыйлык тапшыруу аземи болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ