Menu

«Transparency International» “Миллионгейтке” байкоо салууда

Бөлүшүү:

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган «Transparency International» эл аралык уюму «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдөн кийинки жагдайга жана анын айланасында болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнө жакындан байкоо салууда.

Бул тууралуу уюмдун “Твиттердеги” баракчасында 22-ноябрда маалымдалды.

Андан бир күн мурда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.

«Transparency International» уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында Кыргызстан бул тизмеде 132-сапка жайгашканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: