Menu

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Терек-Сай» кенинин иши менен таанышты

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү резиденттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдирди.

Садыр Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүүсүнүн зарылдыгын кошумчалады.

«Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр», – деди Премьер-министр.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарат деген ишенимин билдирди.

«Компаниянын социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана жаратылышты коргоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат.

Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан.   «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% – «Кыргызалтын» ААКга, 75% – «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: