Жыпар Жекешеев деген демократ аксакал “ак шакалдыктын” нак үлгүсүн көрсөтүп жатканына көп болду. Жетимиш жаштан өтүп кетсе да, бийликтин билермандарына кой эмес, төө союп, мансабы барларды корозчосунан кыйкырып, мактай берип, жедеп элге жек көрүнүп бүттү. Ал элден уялбаса да, эл андан уялып, баш чайкап, жерге түкүрүнүп жатат. Аз күн мурун бул адам экинчи ирет КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анан калса, уялбай туруп: “кеңештегилер менин төрага болушумду абдан суранышты” – деген кепти айткан экен. Калпты чындай айткандан уялса болмок. Эмнеге дегенде өзү төрагалык кылып келаткан кеңеште өзүнүн баласы менен тең балдардан кагуу жеп, сын угуп келатканын көрүп эле жатабыз. Анан кайдагы сурануу. Бул жагы логикага да сыйбай турат. Айтор, ушунча болуп, бул жарыктыкка “кошомат кылуунун, сөөк аңдуунун да чеги болот” – деген өңдүү сөздү эч ким айткан эмеспи…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ