Menu

Өзбекстанда 12 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасады

Бөлүшүү:

Быйыл июнь айында Жизак облусунун Даштабад шаарында 6-класстын окуучусу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Кыздын апасы анын мындай кадамга баруусуна класс жетекчиси себеп болгон деп эсептейт.

6-класстын окуучусу Эзозахон Сиддикова көп өлчөмдө уктатуучу дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Эртең менен апасы анын оор абалда жатканын көрүп, ооруканага алып барган. Ал жерде кыздын ашказанын жууп, бир апта дарылашкан.

Кыздын апасы Шаходат Хайдарова бул үчүн класс жетекчи Рано Кадырованы күнөөлөп жатат. Анын айтымында, класстын ремонту үчүн акча чогултуудан баш тарткандан кийин мугалим кызына басым көрсөтө баштаган.

№ 50 мектептин психологу өз жанын кыюуга аракет кылган кыздын апасынын сөзүн тастыктады. Мектеп жетекчилиги кыз үч айдан бери сабакка келбей жатканын психологго билдиришкен эмес.

№ 50 мектептин мугалими Рано Кадырова бардык айыптоолорду четке какты.

Райондук элдик билим берүү башкармалыгы мектеп жетекчилигине жана окутуучуга тиешелүү чара көрүлгөнүн маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: