Menu

Жер сатуунун символу

Бөлүшүү:

Бизде жаман бир синдром бар. «Бул Акаевдин кадры, бул Бакиевдин кадры» деген. «Бирок ал кадр – кандай кадр?» – деген суроонун тегерегинде ой жүгүрткүбүз келбейт. Чынчынына келгенде бардык эле кызматкерлер ошол эле Акаевдин, ошол эле Бакиевдин кадры болгонун кантип танабыз?! Кийин Отунбаеванын, азыр Атамбаевдин кадры дегендей. А бүгүн биз качкын президент Курманбек Бакиевдин катардагы кадры эмес, алардын чачпагын көтөрө чуркап, колуна суу куюп жүргөн жана да Бакиевди бүгүнкүгө чейин сагынып сатпай жүргөн эрендерди тизмектедик. Баарын эмес, учурда Жогорку Кеңеште депутат болуп олтургандарын гана

«Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» Аскар Шадиев деген дагы бир депутат бар. Тээ Акаев заманынан бери депутат болуп келатат. Бизнестен саясатка келген бул эргул учурунда Акаев үй-бүлөсүнүн тилин таап, ошол кезде финансы министрлигинин алдында түзүлө калган киреше комитети дегенди жетектеп, кийин Баткенге губернатор болуп кеткен. Анан Акаевдин «Алга, Кыргызстан» партиясынын желегин желбиретип кайра парламентке келген. 2005-жылы бийлик алмашып кеткенде да алакан ушалап отуруп калбай, дароо бакиевдер тарапка оогон. Анда да жөн өтпөй Жаныш Бакиевдин «кошелогуна» айланып, аны айланчыктап, айтканын кылып жүрчү кошоматчылардын ана башчылыгына чейин жеткен. Кезинде маркум Баяман Эркинбаевди досум деп жүрчү Шадиев каратып туруп Баяманды сатып кеткенин жакшы билгендер али күнчө эстеп, Аскар мырзанын «адамгерчилигин» унутпай баса белгилеп айтып келишет. Бул Аскар Алимбаевич депутат болгону кыргыз жери четинен кертилишин колдоп келгенине соңку тарых күбө. Тагыраагы, жер саткандардын символу – Шадиев Аскар Алимбаевич деп койсок куп жарашчудай. Дегенибиз, шаңыраңдаган Шадиев мырза учурунда 2002-жылдын 10-май күнү сатылып кеткен Үзөңгү-Куушка жана 2008-жылдын 11-апрелинде тагдыры чечилген Каркырага келечектен коркпой туруп «МАКУЛ» деп добуш бергенин унута элекпиз. Бүгүн болсо олтурат, «бээ көрдүңбү – жок, төө көрдүңбү – жок» деген макалды бетине кармап алып. Уялбайт дагы экен. Урпактардын эртеңки келечегин уруп ойнобогон мындай «журт сатарлар» кайсы бир учурда өз жазасын алаарын бөркүбүздөй көрөлү.

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: