Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитеттин курамына киргизишти. Мындай чечим парламенттин отурумунда кабыл алынды.
Эске салсак, Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн Административдик сотко кайрылган. Административдик сот БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгарган.
Ошондой эле, кечээ, 24-ноябрда сот Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн депутаттык мандаттан ажыратканына түшүндүрмө берди.
Өмүрбек Текебаев өзү соттун чечимин саясий буйрук деп атады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ