Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдик режимдин учурунда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, сотторду тымызын башкарып турган Манас Арабаевдин баш коргоо чарасын карады.
Манас Арабаев 2-июндан бери кытайлык БЛС курулуш компаниясынын мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында абакта жаткан.
Ал тергөөдө өзүнүн рейдерлерди колдоо боюнча кадамдарын Алмаз Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаеванын кысымы астында жасаганын мойнуна алган.
Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын абактан үй камагына өзгөртүп, соттон үйүнө чыгып кетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ