Menu

Кочкор өрөөнүндөгү ааламат (топон суудан) селден Суяб шаарынын жок болушу

Бөлүшүү:

Талаштан тактык жаралат. Тарыхыбызды талашып тактап албасак, азыркы окуп жаткан тарых купулга толбойт. Сабырдуулук кылып, биздин да жазган версияга да көңүл бөлүп коюңуздар, урматтуу тарыхчы археологдор. Махмуд Кашгаринин “Диван лугат-ат-Түрк” эмгегинде Кочңар Башы бир шаардын аты деп турат. Эч кандай чен өлчөмү, аныктама критерийлери жок. Эмгек 1072-1077 жылдарда жазылган. Суяб шаары Х кылымдын башында 920-923 жылдарда жок болуп кеткенден кийин, Кочңар Башы шаары болушу мүмкүн, бирок ал 155 жылдан кийин жазылып жатпайбы.Хронологияны так изилдеп жазган туура го дейбиз. Буга чейин тарыхтар жазылып, көптөгөн эмгектер чыгып кеткенине байланыштуу, бул версияны кабыл алуу жана тарыхка өзгөртүү киргизүү кыйынчылыкка тураарын сезип, бирок Кыргыз каганатынын борбору болгон чыныгы Суябды аныктоого болгон аракет экенин айта кетмекчибиз.
Кум Дөбө айылынын түштүк батыш жагындагы “Төрт-Күл, Кырк Чоро” бышкан кызыл кирпичтен салынган курулуштары бар шаардын чалдыбарынын эмне сыры бар, эмне үчүн Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаарлардын тарыхта өз орду так көрсөтүлбөгөндүгү, изилденбегендиги бир топ ар кандай ойлорду жаратат. Биз бул шаардын урандыларынын үстүндө 70 жылдан бери жашап, эмне деген шаар деп .40 жылдан бери изилдеп келебиз. Азыркы чалдыбарлары дайынсыз жок болуп кетүү коркунучу тургандыктан, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн, көптөгөн чыгармаларды, тарыхый маалыматтарды изилдеп окуп, баардык аныктамаларды, фактыларды бири-бирине салыштырып ушул макаланы жазууга аргасыз болдук. Бул өрөөндөгү шаарлардын данаа атын табууну максат кылдык. Бул жазылган версияны тарыхчы окумуштуулар кабыл албашы ыктымал, бирок ошого карабай ушул изилдөөнү көпчүлүккө жеткирүүгө аракет кылдык. Эгемендүүлүк алганга чейин изилденген маалыматтарды чогултуп коюп, 20 жылдай кыргыз тарыхчыларын күттүк. Акыры эч ким келбегенден кийин, изилдеген маалыматтарды чыгарууга аргасыз болдук.
Кочкор өрөөнүндө бештен ашык шаар болгон деп жазылган тарыхый маалыматтарда.. Алар Кул-шуб, Жул-Шуб, Кулан, Касра-Бас жана Суяб. Орус тарыхчысы, Россиянын Кашгардагы консулу болуп 1889 жылдан 1908 жылга чейин иштеген Н.Ф. Петровский ал шаарлар Александр хребеттинин (Кыргыз Ала-Тоосунун К.К.) түштүк жагында деп жазган. (1).В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долины.399 стр. Бишкек.1996-год.
Кум-Дөбөдөгү “Төрт-Күл, Кырк Чоро” шаар чалдыбарын изилдеген адам болгон эмес. Орус чыгыш таануучусу В.В.Бартольд 1893-1894 жылдары бул шаар жөнүндө угуп, араба жолу жок болгондуктан келген эмес. 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А.Н. Бернштам келип сепилдин дубалына салынган күмбөздөрдү сүрөткө тартып 18-19-кылымдардагы кыргыз мыктыларынын күмбөздөрү экенин аныктаган. Дөңсөөлүү дубалы бар 12 -кылымдагы шаардын калдыгы бар экен дешкен. Ал эми батыш түрктөрдүн, карлуктардын, түргөштөрдүн (кыргыздардын. К.К) жана караханидердин кан ордосу делген, Суяб шаары эмне болуп жок болуп кетти?
Суяб шаарынын жок болуп кеткени жөнүндө СССРдин байыркы шаарлардын тарыхы боюнча жазылган тизмеде эмне болуп жок болуп кеткени белгисиз деп турат.
1. город Суяб(Киргизия)Киргизия
Основание: 629 Ликвидация: X в. Причины исчезновения:• Причины исчезновения неизвестны
Тараз педагогика университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору С. Байтлен, Казакстандык окумуштуу-археолог, тарыхчы К.М. Байпаков батыш түрк каганатынын ордосу Суяб шаары Х кылымга чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып, андан кийин жок болгон кайда деп жазышат.
2 . К.М. Байпаков «По Великому Шелковому пути»,
Западнотюркский каганат,центром становится Семиречье, а столицей-город Суяб. Именно в это время происходит оживление торговли на участке Шелкового пути, который сыграл важную роль в развитии городской феодальной культуры Семиречья. В Навакета через Пенджикент (Бунжикет) дорога приводила в крупнейший город Семиречья Суяб. Он был столицей западных тюрок, затем тюргешей, карлуков. О нем пишут китайские и арабские путешественники вплоть до X века, когда город вдруг исчезает со страниц летописей.
В.В. Бартольд Суябды Чүй суусунун баш жагынан издегиле деп, кийин айнып Токмок шаарынын жанындагы Ак Бешимдин сепилин болжолдосо, Н.А.Аристов Кичи Кеминдеги Кара булак айылы деген, А.Н. Бернштам Чоң Кеминдеги Новороссийка ( Шабдан) сепили менен байланыштырган. Көпчүлүк тарых изилдөөчүлөр Токмоктун түштүк батышындагы Чүй суусунан 18 км алыс турган Ак бешим шаарынын чалдыбарын Суяб деп келишет. 1953-1954 жылдарда Ак Бешимди изилдеп археологиялык казууларды жүргүзгөн Л.Р. Кызласов Караханиддерге тийиштүү артефактылардын аз экендигин жана бул шаар сепили Суяб эмес экендигин ачык эле айткан (К.К).Эрте орто кылымда Суяб шаары Орто Азияда негизги шаарлардын бири, Жетисуунун борбору Батыш түрктөрдүн (Кыргыз каганатынын. К.К.) түргөштөрдүн жана карлук каганаттарынын борбору болгон.В.М. Массон жана В.Д. Горячеванын эмгектеринде Сюань Цзань “ Суй е Шуй” коңшу мамлекеттердин соодагерлери чогулган жери түргөштөрдүн кагандарынын жана карлук башкаруучуларынын борбору Суябды Ысык-Көлдүн батышында Чүй суусунун башталышынан тапканын жазат.
Томашек Суяб Ысык-көлдүн батышында деп окуйт. Ибн Хордадбек жана Кудамалар да Суяб шаарын Ысык-Көлдүн батышында деген жыйынтыкка келишкен. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.{2}О христианстве в Туркестане в домонголский период .Бишкек.1996-год. 272 стр.
Сюань Цзань достигнув юго восточного берега Иссик-Куля, проехал 500 ли вдол берега озера и дальше на северо запад до упомянутого города. Из этого видно, что город, как заставляет предпологать уже его название следует искать на берегах Чу {3}.В. В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долина. Бишкек.1996-год. С. 400.
В.Д. Горячева Суяб жана Ордо жөнүндө ар түрдүү ойлор бар экенин, жайгашкан жери так аныкталбагандыгы, бир маалыматта Чүй суусунун сол жагында десе, дагы бир маалыматында оң жагында дейт. Кээ бир маалыматтарда: «Кара Ордо» дагы бир жерде «Күз ордо» деп жазат. Кытайдын Тан императорунун сарайындагы чиновниктери жана саякатчылары тунук көлдүн (Ысык Көл) батышынан 100 лиден (50 км) кийин Суй е дарыясында Суйап шаары турат деп жазышкан». [4] В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли. (Бурана, Узгенд,Сафид-Булан) Фрунзе.1983г, стр.60.
Петровский мырзанын Нарындын түндүгүндөгү Эмюрсах коргонуна жакын «таш менен кыштан турган байыркы урандылары бар Суяб» деп көрсөткөн пикирине да кошула албайбыз. Араб географтарынын Суябы менен кытайлардагы «Суй-е (же Суйшэ) суусундагы шаар» бир эле шаар экенинен шек саноого болбойт; Сюань Цзан Ысык-Көлдүн түштүк- чыгыш жээгине жеткенден кийин жээк менен 500 ли, андан ары түндүк – батышты көздөй ушул эскерилген шаарга барган. Демек, шаардын аты өзү эле билгизип тургандай аны биз ЧҮЙ СУУСУНУН ЖЭЭКТЕРИНЕН издешибиз керек. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйска долины.399 стр. Бишкек.1996-год.
Кагандар (хандар) Цзедань (Кетан) тоосунда, эл башкаруучуларды дайындаган. Цзедань тоосу ыйык тоо болуп, ага түрктөр, согдиликтер сыйынган. Түрктөр ал тоону Узун Агач, Узун Ардж деп аташкан.В.Д.Горячева.Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли.Фрунзе. 1983г,стр. 60. (Кыргызча айтылышы Узун адыр, Узун Дөбө К.К.)
Бул тоо азыркы Кочкор–Ата мазары, Суяб шаарынын азыркы Кум-Дөбө айылынын түндүк-батышында жайгашкан. Байыркыдан бери элдер бул тоого сыйынышып, «кан» көтөрүү ырасмисин өткөрүп келгени анык. Кочкор-Ата мазарына ушу кезде да, бийликти кѳздѳгѳн атка минерлер «кан такты» деген ташка отуруп, сыйынып кетишүүдѳ. Бул тоонун ѳзүндѳ байыркыдан калган ыйык сыйынуу.«такка отуруу» расмиси азыркыга чейин өз кызматын ѳтѳп келүүдѳ. Кыргыздарда айтылат: «бала сурасаң Манжыл-Атага, мал сурасаң Чолпон Атага, бийлик сурасаң Кочкор-Атага бар» дешкен. В Синь-Таншу написано, что после выхода из долины Горячее Озеро (Иссык- Куля) дорога достигает русла реки Суй-е(Суяб) через 80 ли приходят в город Пэйлоцзянцзюан (Баласагун.К.К.), а дальше на запад через 20 ли приходят в город Суй-е (Суяб). На севере от реки Суй-е лежат горы Цзедань; здесь каган десяти родов всегда производит утверждения владетелей и старейшин»270. В.В Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Озеро Иссик-Куль .стр.293 Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп Суйе (Чүй) дарыясынын түндүк жээгинде жана Каштек ашуусунун түштүгүнөн орун алган. 7-кылымда эле бул шаарда ар түрдүү өлкөлөрдөн соодагерлери жашашкан [6]. В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Тюрки. Бишкек. 1996 г. стр. 103.
(Суяб шаары сооданын борбору болуп Суйе (Чүй) дарыясынын түндүк жээгинде жана Каштек эмес эле Кашат (Шамчы,Шамшы) ашуусунун түштүгүнөн орун алган.К.К.) Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусу Кыргыз АлаТоосундагы Кочкор өрөөнүн Чүй өрөөнү менен байланыштырган ашуу. Кордой-Кемин тоосундагы Каштек ашуусу жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаарлар жок. Сюань Цзан Ысык-көлдү жээктеп чыгышынан түндүк батышка 500 ли (250 км) жол басып, Суйе дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли экен, бул жерде ар кайсы мамлекеттердин соодагерлери жолугушуп, соодасын жүргүзүшөт. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм өсөт. Жапайы чыккан токойлор жокко эсе. Аба ырайы суук жана аркыраган шамал жүрүп тургандыктан, жашоочулары кийизден тигилген кийим кийишет [7. Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Географические известия о западном Тяншане по Сюзань Цзану и другим китайским источникам .Бишкек. 2001г. с. 230.
Азыркы Кум-Дөбө айылынын ордундагы, Суяб шаарынын сепили айланасы менен алты-жети ли болот. Кочкор өрөөнүндө токойлор жок, тоолордо карагай өспөйт, таруу,арпа, буудай жана алма өрөөндө өсөт. Кочкор өрөөнүндө катуу шамал мезгили менен болуп турат. Ак-Бешимде аркыраган катуу шамал болбойт. 250 кмдин 178 кми көлдүн узундугу, көлдөн Кум-Дөбө-Суябга чейин 72 км болот. (178+72=250км. К.К.)
Тарыхчы- археологдор В.Д.Горячева,К.Байпаков, Б.Аманбаева, К.Табалдиев, Ведутова К.Ташбаева жана башка кыргыз тарыхчылары Ак Бешим-Суяб шаары деп жазышып ошол версиянын тегерегинде илимий эмгектерди жаратып келишет. Кыргыз тарыхчылары орус чыгыш таануучуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн жазганын көзүр кармап, бул версияны бекем пир тутуп олтурушат. Семенов-Тян-Шаньский Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, ал эми Миң-булак өрөөнүн Түркестандагы Каратаунун түштүгүнө жайгаштырган же болбосо хандардын малы менен жайкы жайлоосун, Сыр Дарыянын жээгине, чөлгө жайгаштырган. ( Миң-Булак Кочкор өрөөнүндөгү Сарала Саз-Ак Бел жайлоолору.К.К.) Х кылымдын башында жер титирөөнүн кесепетинен, Бузулган суунун (топон суу) сели жүргөндөн кийин суу ылдыйлап, Сарала Саздын коктуларындагы булактар азайып калган. Семенов-Тян-Шаньский кербендер Боом капчыгайы аркылуу өткөн деп жазган, капчыгай аркылуу кербен жол өткөн эмес. Капчыгайдын ичи менен тоо-зоокалардын кыры менен кой жол деген жалгыз аяк, бир адам өткөн жол болгон, негизги ашуулар Шамшы (Кашат,Шамчы) ашуусу жана Чоң Кеминдеги Калмак-Ашуусу болгон). Терс суусу-Чүй (Кочкор)суусунун башталышы, Орто Азияда чыгышка карай аккан жалгыз тетири суу, ошондуктан Терс деп аталган. Ал эми Түркестанда чыгышты көздөй аккан суу жок экен, атайын барып изилдедик, ал жерде Талас суусунан бөлүнүп чыккан батышка карай аккан Терсы суусу бар экен.Боом капчыгайы болсо бул чөлкөмдөгү эң коркунучтуу кербен жолу болгондугу байкалып турат. [8] 8.Бернштам А.Н. Чуйская долина. Труды Семиреченской археологической экспедиции. МИА.1950.№ 14.с.26.
Ал кезде Чүй суусунун жээгиндеги Суябда “он ок элинде” ордо башчысы “чоң бийди” дайындоолор жүргөн.(Зуев,2002.стр 204). Өткөн кылымдарда санжырачыларда “Кан жайлаган Кара Тоо, бий жайлаган Ала Тоо” деген сөз бар экен.(РКФ НАН Крв,Д.10) Бул өзү Кара Тоодо хан жайласа, Ала-Тоодо бий жайлаган. Хандын ордосу Кара Тоонун үстүндө болгону анык. Ал эми бийлер жана байлар Тескей Ала Тоонун мөңгүлөрүнөн башталган Чүй суусунун жээгинде Кара Тоонун этегине жайлашкан. Кыргыз-казак элинин ичинде айтылып жүргөн Кут даарыган Кара Тоо, Касиеттүү Кара Тоо деп аталышы да бар.(КОС,2002, стр 554).
Казак тарыхчысы Г.Б. Хабижанованын УДК 94 (=512,1) “Взаимоотношения тюркских племен государства Караханидов с огузами” 130 бет. деген эмгегинде Огузхандын атасы Карахандын айтуусунда “Ур-таг менен Көр-тагда жайлоосу болгон, азыр ал жер Улуш-таг жана Кичик-таг деп аталат”.
Кыргызча чечмелегенде Орток тоо жана Кара тоо же Үлүш-тоо же Кичине тоо деп аталат.
Семиречье с центром в районах горы Кара Тоо отразился в кыргызском эпосе «Манас». Согласно содержанию эпоса «Манас», кыргызы переселились с Алтая на Тянь-Шань в районы священной горы Кара Тоо, где находилась ставка Манаса. В одном из сюжетов отец Манаса Джакып говорит о своем происхождении:
Из Кара Тоо Азирета,
Где нынче и обитаю.
Но туда я прибыл из Алтая.
Многим я отомстил
И занял Черную Гору Азирета» [134.-C. 580
Эми бул жазылган тарыхый маалыматтар боюнча логикалык акыл калчап, изилдеп көрөлү. “ Он ок элинин өлкөсү, Кочкор өрөөнүнүн Көк-Сай коктусунда таштын бетинде табылган руникалык жазууда “ Эр атым Адык,он ок эли, жерим Ярыш” деген жазуу табылган. Демек Кочкордо жашаган эл “он ок эли “ экенин айтып турат. Ал эми Кум-Дөбө айылынын аймагындагы табылган бышкан кыштан салынган шаарлардын бири Чүй суусунун түндүк жээгиндеги Суяб экени айныгыз далил.Анткени каганаттын кышкы ордосу болгон Суябдын тегерегинде, Кочкор өрөөнүндө жалпы кыргыз эли (түргөш, карлук, огуз, ягма,чигил,кыргыз жана башка уруулар) кышташкан. Түрк эли деген термин арабдардын келиши менен жана караханиди деген термин орустардын келиши менен колдонулган. Караханиддер деп орус тарыхчысы Григорьевдин айтуусу менен кирип калган. Орто кылымда Чүй өрөөнүндө Ак-Бешим-Суяб шаарынын тегерегинде кыш мезгилинде мал багып кыштоого мүмкүн эмес эле. Азыркы мезгилде “жай боюу жыйнап, таңгактаган чөбүн кыш боюу чачып чыккан” Чүйдүн, Нарындын, Ат-Башынын, Ак-Талаанын жана Жумгалдын элин элестетип көрүңүздөр. Миңдеген малы бар, жайында кышка тоют камдабаган орто кылымдагы көчмөн элдин Чүй өрөөнүндө кыштаганын элестетип көрүңүздөр. Ал эми каганаттын Миң-Булак жайкы ордосу, Түркстан шаарынын жанында деп, жазылган тарыхый маалымат да туура эмес, Түркестан шаарынын түштүк-батыш жагында Сыр-Дарыянын жээгинде Кызыл-Кум чөлүнө жакын, Кара-Тау тоосунун этегинде, Миң-Булак өрөөнү бар экен. Атайын барып көрүп келдик. Бул Миң-Булак орустардын чыгыш изилдөөчүлөрү Семенов-Тянь-Шаньскийдин, Северцовдун жана В.В.Бартольддун картадагы боюнча тарых жазганы билинип турат. Жайында малды салкын жайлоого чыгарган, көчмөн эл, ысыгынан качкан чөлдүн жээгине кантип барат. Көчмөн эл жайында, суусу жана чөбү кенен, салкын жайлоолорго көчүшкөн. Ал жер Кочкордун орто жеринде турган Ортоктун тоосу жее Кара-Тоонун түндүк жагындагы Сарала-Саз-Ак-Бел жайлоосу жана Кара-Тоонун үстү болгон. Бул жайлоо мурун Миң- Булак деп аталган, кийин Х кылымдын башындагы жүргөн селдин кесепетинен каганаттын борбору Суяб менен катар дагы бир топ шаар-кыштактарды сел басып калган. Миң-Булак (Сарала Саз) жайлоосунун ортосунда кордойлоп жээген бийик жарлуу чоң кокту пайда болгон.
Суяб шаарын, Чүйдөгү Ак-Бешим шаарынын калдыгы дегенге окшошпойт. Эгерде Ак-Бешим-Суябды карлуктардын,түргөштөрдүн, батыш Түрк каганатынын ордо борбору десек,ал жердеги курулуштар түрк тилдүү элдерге тийиштүү курулуштар, имараттар чыкмак ал жок. 1953-1954 жылы Л.Р. Кызласов баштаган археологиялык экспедиция, казуу жүргүзөөрдүн алдында, Ак-Бешимдин түштүк жагындагы тоолорду студенттер менен кыдырып чыгып, шаарды суу менен камсыз кылган дайра жок экенине таң калган. 1.Кийин казып изилдөө жүргүзгөндө шаардын ичине кирген туурасы 90 см жана тереңдиги 30 см болгон арык гана бар экенин тапкан.2. Таза сууга, бир гана жерден киргизилген, кубурлардын изи табылган. Баардык орто кылымда, курулган шаарлар куруудан мурун, ал шаар биринчиден душмандан коргонуу (фортификационный сооружение) курулуштары ылайыкталган, суу менен камсыз кылуу эки жерден болушу зарыл болгон аймакка курушкан. Эгерде душман сырттан келген сууну башка жакка буруп же тосуп салса, кудуктагы суу менен камсыз болушун дагы эске алышкан. Чеп-сепилдин ичинде, атайын суу сактоочу ноотулар (бассейндер) болгон. Орто кылымда шаарлар, өзгөчө ордо борборлору чеп менен курчалып, анын сыртында коргонуу курулуштары болгон. Ак-Бешим чеп менен курчалган менен, сырткы коргонуу курулуштары жок экени казууда аныкталган. Коргонуу курулуштары деп, биз чептин сырткы түбүндө, душмандар түшүп кетсин деген терең орлор, жазылыгы 7-8 метр тереңдиги 5-6 метр болгон суу толтурулган арык (траншея) жана жазылыгы 2 метр, тереңдиги 5 метр кум толтурулган арыктар болгон. Дарбаза (капка) чыккан жерди, Г тамгасындагы сепилдин бийиктигиндеги дубал менен тосушкан. Мындай курулуштар Ак-Бешимде жок. Казып изилдөө учурунда буддизмдин чиркөөсү, хрестиандардын чиркөөсү жана манихей динин тутунган элдерге мүнөздүү курулуштар чыккан.Көрүстөндөрдү казуу учурунда да, түрк тилдүү элдин мүрзөлөрү чыккан жок. Жыйынтыктап айтканда, археологиялык казуулардын негизинде, Чүй өрөөнүндөгү байыркы шааарлар, Буранадан башкасы VI-VIII кылымдарга чейинки шаарлар экени билинип турат. Жакында тарыхчы археолог Б.Аманбаева башында турган кыргыз-жапан археолгиялык экспедиция да Ак Бешимди VI-VIII кылымдагы шаар экенин такташты.
Кыргыз тарыхындагы алашемдиктер же КАСТЕК ЖАНА КАШАТ (ШАМЧЫ,ШАМШЫ) АШУУСУ ЖӨНҮНДӨ
“Кастек ашуусу өткөн тоо түрктөрдө алардын ишеними боюнча ыйык тоо болуп эсептелет жана теңирдин болуп кеткендиги айтылат”. деп жазат [9]В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.Тюрки .Бишкек. 1996-год. 110стр. Кастек ашуусу эч кандай ыйыктыгы жок эле ашуу, бул ыйыктык Кашат (Шамчы,Шамшы) ашуусуна айтылган. Шам жагып ушул ашуунун түбүндө сыйынышкан.
Кастек ашуусу Кичи Кеминдеги Кара Булак айылынан түндүккө Казахстанга ашкан ашуу. Орус тарых изилдөөчүлөр Ысык Көлгө баруучу жолду Кастек (Каштек) аркылуу өткөрүп, Кашкелкеңге барып, андан ары Чолпон Атанын тушунан түшүрүп, көлгө Барсканга барууга болот деп жазышкан. Дагы бир тарыхый мааалыматта Ысык –Көлгө баруу үчүн Кастек ашуусунан ашып, тоонун жээги менен чыгышка барып,ал жерден Кеген ашуусу менен кайра ашып, көлгө Сан Ташка келишип, көлдүн чыгыш жагы менен айланып Барсканга барган деп жазышкан. Бул Кастек ашуусу жөнүндө баардык батыштын тарыхчылары, чыгыш изилдөөчүлөрү жазышты.Бул ашуунун эки жагында эч кандай шаарлар жок экени аныкталган. Ал эми Кашат ашуусу (азыркы Шамшы ашуусу) Кочкордон Чүй өрөөнүнө ашкан ашуу. Шамчы деп да аталган. “Тянь Шанга жана Нарын, Атбашыга барчу жол Шамшы Кочкор ашуусу аркылуу өтүп турган”. [10] А.Н.Бернштам. Исторические география Тянь-Шаня и Памиро-Алая. Бишкек-1997-г. 417стр. Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусу орто кылымда, Кашгар, Ат-Башы, Суяб шаарларын Чүй өрөөнү менен байланыштырган бирден бир ашуу болгон. Кашат ашуусу Шамчы, Шамшы болуп өзгөрүлүп кеткендиги, эл ичинде айтылып жүргөндүгү жөнүндө Шамшы айылынын тургуну 87 жаштагы Жумагазыдан уктум.
Шамшы (Кашат,Шамчы) ашуусу кыргыз элинде теңирдин, кудайдын ыйык жери дешкен ,ашуу орто кылымда Кочкор, Ат-Башы, Суяб шаарларын Чүй өрөөнү менен байланыштырган бирден бир ашуу болгон. Шамшы ашуусунун эки жак бетининен азыркы кезде табылып жаткан артефактылардын көптүгүнө караганда бул ашуу Жибек жолунун негизги тармактарынын бири болгон. Кочкорго күзүндө малы менен кыштоого келген эл, кыштоо-үлүштөрүндө жердин чөбү түгөнүп, “жер такыр, заман акыр”болуп, Чүй өрөөнүнө жаз эрте келип, жаздоого кетиш үчүн, эл малын айдап ашууга жөнөшкөн. Кочкор жагынан караса ашуу капкара кургак, ал эми Чүй жагында кар жатат. Ашпайын десе мал ачка калат, айласы кеткен мал ээси белдин түбүнө келип Теңирге сыйынып,курмандык чалып, шам жагып түнөшүп эртеси “о кудай, өзүң сактай көр, белден аман-эсен өткөрө көр” деп, кудайга жалынышкан. Эртеси малын айдап, белден ашууда кар жаткан аскадан, далай ат,төө артылган жүгү менен, далай мал учкан күндөр болгон экен. Эртеерек жаздоого барууга мал ээлери ашыгышкан. Кербендер, мал ээлери Боом аркылуу эмес Кашат-Шамшы ашуусу менен ашышкан. Кашатты ашсаң эле Токмокко барасың деп коюшаар эле аталарыбыз. Кашат ашуусу кийин Шамчы, Шамшы болуп өзгөрүлүп кеткен.
Ал эми орустун чыгыш изилдөөчүлөрү, 629-жылы келген Кытайдын кечили Сюань Цзанды Боом капчыгайы менен өткөрүп, Токмокко Ак Бешимге келтирип,андан ары батышка 18 шаарды кыдыртышкан. Ал эми Сюань Цзандын өзүнүн жазган эмгегиндн эч кандай Чүйгө келбестен Суябдан Таласка кеткендиги жазылган. Демек Сюань Цзань Суяб-КумДөбөдөн Миң Булакка-Сарала Сазга барып, каганга жолуккандан кийин, Каракол ашуусу менн Суусамыр аркылуу Таласка кеткендиги,андан ары Түркстан, Ташкент шаарлары тарапка Индияга баруу үчүн кеткени байкалат. Орус тарых изилдөөчүлөрдүн жазганына карата, биз Сюань Цзандын өзү жазган китебинен котормосун койдук.
I.Путь Сюань-Цзана по западному Туркестану, согласно его запискам и биографии.
Переезд через Тянь-Шань.-Озеро Цинь-чжи.-Город на р. Суйе. – Тысяча источников. – Город Талас. – Китайский городок. – Город Байшуй. – Владение Нучилян. – Владение Дже-ши. Река Ее. – Владение Самогяр. – владение Тешуанна. – Владение Тухоло. – Железные ворота. – Владение Хуо. – Владение Бохоло. – Выезд из пределов западного Туркестана.
В путешествие свое Сюань-Цзан опирался в 629 г. через Лянь-чжеу, Гуа-чжеу, Иву (ныне Хами), Гаочан (Ничан Турфан), Анзини (Карашар), Куча и Балуцзя (древнее Гумо, находящееся к юго-востоку от нынешнего г. Аксу).[2] Аристов Н.А.Западный Туркестан в VII столетии, по описанию китайского путешественника. Туркестанские ведомости, 1889, 19 сентября
Сюань Цзандын өзү жазганынан котормодо так айтылган. Суябдан түз эле Таласка кеткени айтылат. Муну кытайлык кыргыз тарыхчы Макелек Өмүрбай да котормодон жазган. Сюань Цзань Боом капчыгайы менен эмес, Суусамыр аркылуу Өтмөк менен Талас тарапка кеткени ортодон Суяб шаарын тапканы, ал азыркы Кум-Дөбө айылындагы Кырк Чоро, Төрт Күлдүн чалдыбары экени байкалып турат. Бул жерде сепилдин ичинде тегирмен, бышкан кыш,карапа бышырган устаканалар, монета устаканасы, айнек эриткен, темир устаканалары болгон. Жакында сепилдин ичинен тыйын (монета) чыгарган устакананын калдыктарын жана тыйындын калыбын, тыйындарды да таптык. Миң жылдан бери бул жер далай жолу казылып уйгурлар, монголдор, калмактар, кыргыздар байлык издешкен. Орустардын келиши менен Кочкор өрөөнүндөгү Темир Болот жана Борукчу болуштугунда кыргыздар мүрзө казыптыр деп, ар түрдүү буюмдарды таап алышкандарын жана эл арасына атайын кыргыздардан баканооз адамды коюшуп, табылган буюмдарды жана артефактыларды Ташкентке алып кетип турушкан. Негизи кыргыздар мүрзөлөрдөн башка, шаарлардын ордуларынан, сел менен агып өрөөндүн талааларында жана тоонун этектеринде топуракка көмүлүп чачылып калган буюмдарды жана артефактыларды таап алышып, сарттарга жана татарларга сатып турушкан. Орустардын келиши менен табылган буюмдарды, артефактыларды Ташкентке, кийин Алматыга (Верныйга)алып кетип турушкан. Бул жөнүндө ошол кезде Ташкенттен чыгып турган Туркестанские Ведомости деген газетанын 1897-1910 жылдардагы сандарына жарыяланып турган. Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар. Бир нече суткалар бою суу толбогон боштуктар бар. Бул боштуктарга кирип да көргөнбүз. Жер астындагы боштуктагы (пустота) курулуштарды 1965-жылдардан кийин булдозер менен топурак толтуруп айдоого айлантышкан. Табылган карапа артефактыларда кыргыз элине мүнөздүү оймолор түшүрүлгөн. Бул Кум-Дөбөдөгү Суяб шаарынын борбордук сепили Х-кылымдын биринчи жарымында сел каптап, сепилдин дубалдары көпчүлүк жерлери урап дөңсөөгө айланган, чыгыш жак бөлүгү селдин топурагы менен толуп катмар 4 метрге чейин көтөрүлгөн. Эгерде сел (топон суу) каптабаса Кошой Коргондун дубалындай болуп турмак. Биз 1953- жылы көчүп келгенде сепилдин дубалы эзилип жайылып дөбө болуп калган экен. Чыгыш жагындагы бурчу 5-6 метр бийиктиктеги дөбө, батыш жагындагы бурчу да 5 метрден ашык бийик дөбө бар эле. Ал эми азыркы айыл өкмөттүн канторасынын жанында бийиктиги 5 метрдан ашык дөбө болоор эле.
Сепилдин сыртындагы карапайым калк жашаган аянттар (рабад) 2-2,5 метрге чейин топурак, кум жана шагыл менен көмүлгөн. Ысык-Көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда миңдеген адам сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Суяб шаарында 15-10 миңдеген адамдары жана өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы элдин көпчүлүгү оокат мүлкү селдин агымына кеткен.
Кочкор өрөөнүндө ойдуңдары дөңсөөлөрү жок тегиз талаа пайда болгон
Табылган миңдеген адам сөөктөрү, карапа буюмдардын жана бышкан кыштын сыныктары жөнүндө орус изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун чыгармасында толук жазылган.
Н.А.Аристов Кочкор өрөөнүндө тоо этектеринде мүрзөлөр көп экендигин, бирок турак жайлар кайда деп, адам жашаган жайларды тапкан эмес. Себеби: турак жайларды, шаарларды сел каптап ,тегиздеп топурак ,кум-шагыл менен көөмп салган.
Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда Ысык Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүк же түндүк-батыштан бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат.[12] Н.А Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. 2001г. 53 бет.Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат.[13] Н.А.Аристов.Усуны и кыргызы или кара-кыргызы.Бишкек. 2001-год. 44 бет.
Миңдеген адамдардын сөөгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүшүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгелде, кандай шартта болгондугу белгисиз,эбегейсиз көп адамдардын сөөгү менен кошо көптөгөн бышкан кыштын жана карапанын сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын. [14]Н.А.Аристов.29 стр.
Ушул Н.А.Аристовдун жазганын окугандан кийин Кочкор өрөөнүндөгү сел элди мал мүлкү жана турак жайы менен көлгө Ак өлөң менен Оттуктун ортосу тарабынан агызып кеткендиги даана билинди. Байкоолордо караганда суу эл тынчып калган кечки же түн ичинде жүрсө керек. Себеби: азыр тиричилик үчүн казган убакта чыккан сөөктөр көмүлбөй адамдар отурган абалда калгандыгы байкалган. Ал эми айыл ичиндеги бала бакчанын жер пайын казуу учурунда 1988-жылы, бир жерден 18 адамдын сөөгү чогуу чыккан. Таалай Дүйшөнбеков деген жигиттин үйүнө погреб казган убакта төрт адамдын отурганы ,ортодо кумарасы турган экен. Отурушкан жеринен селдин топурагы басып калган.
Түштүктү көздөй аккан селдин суусу Кум-Дөбө-Суяб шаар-сепилин каптап, өрөөндү жарып өтүп Айгыр-Жал тоосунан ашып түшүп Сандык тоонун жана Туздун тоолоруна жаба берген. Суу тоолордун бетине чопо топурактарды жаба бергени көрүнүп турат. Туз тоолорунун коктулары аркылуу өткөн суу туздардын кандайдыр чоң бир бөлүгүн көлгө агызып кеткен. Селдин күчтүлүгүгүнөн Кыйшык, Байит, Кара Таш жана Боктуу-гоонун аянтарына үйдөй таштарды агызып чыккан.
Шаарлардын, турак жайлардын селге аккан бышкан кыштарын, карапаларын жана артефактыларды сууга акканда сынып сүрүлүп жешилгендерин Ак-жардын Куржу- булуңунан таптык. Бышкан кыштар сүрүлүп жылмаланып сынган. Күржү Булуңга имерилиш болгондуктан сайроондоп көптөгөн артефактылар калып калган.Көлдүк элдин ичинде “айланып келген суу” деген уламышта калган сөз бар, себеби көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенде, жер массасы баскан жердин астындагы суу Шамшы ашуусунун батышынан Шиш-Чокунун түбүнөн чыгып, Кочкор өрөөнүн каптап, кайра көлгө куйгандыгы байкалат.
1. Ак-Бешим шаары Суяб шаары дегенге, орус чыгыш таануучуларынын жана тарыхчыларынын бир макулдашууга келбегендиги, В.В. Бартольд, А.Н Бернштам, Н.А.Аристов жана Л.Н. Боровковалар төрттө төрт башка ойду айтышат.
2. Ак-Бешим шаары Чүй суусунун түндүк жээгинде жайгашкан эмес, Суяб шаары тарыхый маалыматтар боюнча, Чүй суусунун башталышында түндүк жагындагы жээкте орун алган. Ак Бешим шаары Чүй суусунун негизги өстөнүнөн 18 кмдей алыс.
3. Ак-бешимден табылган артефактылар жана курулуштар хрестян. будда, несториан жана манихейство диндерин туткан элдерге көбүрөөк таандык экенин, түрк элине түргөштөргө, карлуктарга же караханиддерге( кыргыздарга-К.К.) тийиштүүсү аз экенин малымаатар айтып турат. Тарыхый маалыматтарда бул шаарда негизинен хрестиандар жашагандыгы жазылат, андай болгондо кандайча түрк каганатынын борбору болуп калат??
Казып изилденген мүрзөлөр дагы түрк элиники эмес экендигин, Л.Р.Кызласов Ак бешимди казып изилдөөсү боюнча Ак-бешим жана Бурана, Суяб жана Баласагун шаарларына окшошпогондугу жана тең келе албастыгы даана жазган.
4. Суяб шаары Суйе дарыясынын башталышында, түндүк жээгиндеги бекемделген сепилдүү шаар деп Тан империясынын тарыхый маалыматтарында жазылып жатат.
Суяб шаары Батыш Түрктөрдүн (кыргыздардын) кан ордосу деп тарыхта жазылгандан кийин ал шаарда негизинен карлуктар, түргөштөр,ягма, чигилдер кыргыздар жашашкан.
Көне қытай жазба деректемелерінде Суяб қаласы Су-е-чэн, Су-е-шуй чэн (Суйаб өзені бойындағы қала) деп аталған. Казахстан тарыхы 17 бет.
4. Айтат эмеспи “киши жок,маселе жок” ал эми шаар жок, маселе бар, ал шаар кайда? Эгерде Ак-Бешим-Суяб ордунда турса, жоголду деп эмне үчүн тарыхчылар издешти. Суяб шаары тарыхый маалыматтарда Х-кылымдын аягында тез эле жок болушу, биздин тарыхчыларда эмне үчүн ? деген суроо туулбагандыгы таң калыштуу.
Суяб 6-10 кылымга таандык шаар.Батыш түрк(кыргыз), түргөш жана карлук каганаттарынын борбору болгон. Суяб 7-10-кылымдагы жазма даректерде эскерилет. Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда Суяб Чүй суусунун жээгинде жайгашкан,бирок андагы орду али тактала элек. Айрым окумуштуулар Суябды Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат. Англиялык тарыхчы Ж. Клоуссондун пикири боюнча Суяб-Акбешим шаар чалдыбарына (Токмоктон 10–12 км түштүк-батыш тарапта ) окшоштурулган. Ж.Клоуссондун Москвадагы Суяб жөнүндө берген доклады 1961-жылы бир топ талаш тартыштан кийин кабыл алынган. Чүй суусунун башталышындагы түрктөрдүн, карахандардын, карлуктардын жана түргөштөрдүн ордосу(Кара Ордо же Күз Ордо) Кум-Дөбө-Суяб деп аты эле, суунун жээгиндеги шаар Кыргыз каганатынын ордосу болгондугун жана Кочкор өрөөнүндө экендигин айтып турат. Бул жерде байыркы доорлордогу элдердин сактардын , усундардын, түрктөрдүн, кыргыздардын орто кылымда жашаган башка элдердин мүлкү, жашоо тиричилик куралдары Кочкор өрөөнүнөн сел агызып, көлдүн суусунун ичинде аралашып калгандыгы байкалат.
Ал эми Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголо башташы, Ысык-Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү, Кочкор өрөөнүндөгү алааматтан (топон суудан) кийин Кум-Дөбөдөгү Суяб шаарынын элинин ошондой эле өрөөндөгү шаарларда, башка турак жайларда селдин суусуна кабылган, жергиликтүү эл, кандар,бектер, жоокерлер жана карапайым букаралар, келген кербендердин, соодагерлердин селге агып, жок болуп кетишинен аймактагы өзгөрүүлөрдөн болгон.
Ушул жерде айта кете турган бир сөз: Кыргыз каганатынын жок болуп кетиши жөнүндө 2012-жылы 14-17 ноябрда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий конференцияда Новосибирск академиясынын академиги, кыргызовед, археолог Юрий Худяков минтип айтты. “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы”. Эмне үчүн бул сөз айтылды, адамдар эмне болуп жок болуп кетти?, эпидемия болдубу?, же согуштан кырылыштыбы же башка себеби барбы? Мына ушул айтылган сөзгө жооп болуп Кочкор өрөөнүндөгү аламаат жана Ысык Көлдөгү шаарлардын жок болуп кетишинен, Кыргыз каганатынын ордосу өзөгү болгон элдин жок болуп кеткенинен болгон.
“Кыргыз каганаты Орто Азиядагы түрктөрдүн күч кубатынын соңкусу болот. Кыргыз каганатынын кыйрашы, анын мааниси азыр жакшылап изилдене элек. Керек болгон маалыматтардын жоктугунан аны изилдеп үйрөнүү да өтө кыйын.847-жылдан кийинки кыргыз тарыхы боюнча деерлик маалыматтар жок”.[15].Е.Кычанов Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар.К.Жусупов. Кыргыздар 2 том. 232 жана 248 бет.
Уйгурлар жеңилип калгандан соң кыргыздын зор мамлекети бир жүз жылга жетпестен тозгон. [16] 16.Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 42-бет.
АУЦАнын окутуучусу Чолпон Турдалиева өзүнүн Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу методикалык китебинде Америкалык дипломат Юджин Скайлер жөнүндө анын “Туркестан” китебиненде кыргыздар 10-13 кылымда экиге бөлүнүп кетишкендигин, теңи Тян-шань жана Памир тоолорунда, теңи Энисей дарыясынын баш жагында жашап калышкандыгын жазат. Эмне үчүн экиге бөлүнүп кетишкен? Мына бул маалымат селдин кесепетинен экиге бөлүнгөндүгүнөн кабар берет.
Кыргыз элинин көчмөн аталышы ушул аламааттан кийин болгонун сезип, такташыбыз керек. Кыргыз эли дайым эле көчмөн болбой Х-кылымдын башындагы аламаатка чейин туруктуу жашап элдин үчтөн эки бөлүгү жер иштетип, аштык айдап, кол өнөрчүлүк кылып, устачылык кылып, кылыч, найза, жаанын жебеси жана тиричилик буюмдарын жазаган соотун соккон адамдар болгонун Х кылымдагы аламааттан кийин көчмөн элге айланып, Чүй суусунун түштүк жагы батышка, түндүк жагы чыгышты көздөй тентигенин, үзүлүп чачылганын такташыбыз, изилдешибиз керек. Кыргыз элинин шаарларда жашап, өз мезгилиндеги маданияттын жана цивилизациянын жетишкендигин колдонуп, кол өнөрчүлүк, темир устачылык, бышкан кыштан салынган, суу түтүктөрү менен суу киргизилген үйлөрдө жашаган ж.б. тиричиликти баштарынан өткөргөн эл болгон десек болот. Же курал жаракты жазоо, болгон тиричилигин көчмөндүүлүктө ат үстүндө өткөргөн дей бериш керекпи? Кыргыз эл жомокторунда көлдүн ичине шаардын чөгүп кетиши, бирөө кетти Эренге, бирөө түшүп кетти Тереңге, бирөө кетти Кангайга, бирөө кетти Алтайга деген саптар, Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган. Кырлар жоктур кыргыз сөөгү жатпаган деген каңырык түтөткөн сөздөр дал ушул алааматка карата айтылганын моюнга алышыбыз керек. Жыланач өрөөндө (Ак-Өлөндүн түштүк-батыш жагы) балким Чүй суусунун, Ысык-Көлдүн жээгинде чачылган сөөктөрдү көргөндө айтылгандыр. Жок жерден жомок имиштер жаралбайт.
Абул-газынын санжырасында көк бөрү каргап, Огузхандын балдарына сел каптатып, андан жалгыз Кыргыз деген баласы аман калгандыгын уламыш кылат. Күндөрдүн биринде Ордонун тегерегинде бир «көк бөрү» пайда болуптур. Огуз хандын 24 небереси бир жерге жыйылып, көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү муну билип калып, Теңирге жалынып, жер бетин кыян каптатып, суу бастырат. Эл-жер зыянга учурап, кыйрап жатканда, 24 неберенин эң кичүүсү Кыргыз бийик тоого карай качып, жер бетин каптаган кыяндан аман калат экен. Үсөйүн ажынын санжырасы боюнча ,күн чыгышы-Монголия, күн батышы-Орол тоосуна чейинки аймакта жашаган элдер биригип, мамлекеттин ордосу Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерде тигилиптир.
Кочкор өрөөнүндөгү селдин(топон суунун) жүргөнү тарыхый чындык, селдин зыян кесепеттерин, эл ичиндеги жомок, уламыштардан, жер бетиндеги өзгөрүүлөрдөн жана орус чыгыш изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун чыгармасынан билүүгө болот.Кыргыз жана орус тарыхчылары Кыргыз каганатынын болгондугун, гүлдөп өскөнүн жазышат, бирок эмне болуп жок болуп кулаганын толук аныктама бере алышпайт. Биз Кыргыз каганаты Кочкордо болгондугун, кыргыз эли көчмөн болбой эле туруктуу жашагандыгын жана кол өнөрчүлүк, курулуш куруу жакшы өнүккөндүгүн, айлыбыздын аймагынан табылган, орто кылымдын буюмдарынан жана курулуштарынан аныктап бере алабыз. Азыркы убакта айыл өкмөттүн канторасынын түштүк жагында 15 метр жерде 50 см тереңдикте узуну 6х5 метр бышкан кыштан салынган бийиктиги 4 метр курулуш жердин астында жатат.Казылып калган чункурлардан башы чоң, жото жилиги(шыйрагы) 60-65 см болгон адамдардын сөөктөрүн көрүп жүрөбүз. Бул сөөктөр арийлердин түпкү ата журту Ысык-Көлдүн батыш жагында дешкен Байас Туралдын, Үсөйүн ажынын, А.П.Чайковскийдин, Е.Е.Кузминанын, Чоро Тукембаевдин аныктамаларына ылайык генелогияда гаплотиби R1a1и 63%ти түзгөн кыргыздардын түпкү ата-бабаларыныкы болуп жүрбөсүн?Кум-Дөбөдөгү Суяб шаарынын аймагында бир топ балбал таштар болгон. 1970-жылдарда археолог Винниктин айтуусу менен 12 балбал таш Бурананын жанына алып барылган. Ал эми 1972-жылы 5 балбал таш Кочкордогу чөлкөм таануу музейинин жанына коюлган. Ошол Кочкордогу тарых музейине алып барган балбал таштын төртөө орнотулуп, бир кызыл бетинде жазуулары бар, балбал таш коюлбай жок экендигигин, машинага жүктөп беришкен, айылдагы Кум-Дөбө орто мектебинин мугалимдери Эсенгулов Урмат жана Кутпидинов Шейшендерден уктум. Азыр айылда 7 балбал таш бардыгы белгилүү. Азыр айылда ачылган музейде таш доорунан берки жана орто кылымдардагы адамдар колдонулган курал буюмдардын табылганын койдук, улам табылганы менен толуктап жатабыз. Бул табылган артефактылар үстүнкү 20-30 см катмардан эле табылганы эле. Эгерде казып изилдөө жүрсө, артефактылар мол экендигин айта алабыз, анткени бул шаарлар көчүп кетпей эле селдин топурагы куму басып калган.Жогорудагы маалыматтарды жазып биз төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.
1.Суяб шаарынын жана башка шаарлардын Кочкор өрөөнүндө болушуна биринчиден климаттык шарт туура келген. Кыштын күнү жоокерлерди машыктырып, ат чабууга жана куралдар менен ар түрдүү согуштук тактикалар менен машыктырууга, коргонуу жана чабуул жүргүзүүгө үйрөтүп , дайыма сырттан келчүү душмандарга даяр турууга ылайык келген өрөөн болгон. Коргонууга жердин шарты да ылайык болгон. Ысык Көлдөн келген жылуу абанын агымы, өрөөндө кургак жана ачык аба ырайын камсыз кылган. Турмуш тиричилик кылууга жана мал колду карабай кышында жайыттарга чыгарылышы, көп жеңилдик берген. Ортоктун (Кара тоо) өрөөндүн орто жеринде болгондуктан хандар, кагандар тоону айланта корутуп анда жүргөн кийиктерди, бугу маралдарды жоокерлерге азыкка пайдаланган. Атайын коруктарды түзүп ал жерлерде жоокерлердин аттарын кышында багып кармап турууга ылайык болгон. Ар бир байдын ал жерде кыштоо-үлүшү болуп, кыштоосунда малы багылып, курган шаарчасында жашап, кыргыздын ар түрдүү улуттук оюндарында күлүк таптап чаап, аламан байгелерди өткөрүп турушкан.
2. Суяб шаарынын стратегиялык жайланышы, түштүк жагы өзөн суу жана саз, сепилди суу менен эки жактан камсыз кылуу, түндүгү (Кашат, Шамчы) Шамшы ашуусунун чыга бериши, чыгышы Ысык-Көл, түштүк чыгышы Долон, батышынан Кызарт,Каракол ашууларынын дайыма көзөмөлдө турушу. Чүй өрөөнүндө жалгыз Бурана бышкан кирпичтен салынган X-XII кылымдагы шаар, Ак-Бешим-Суябда бир да бышкан кирпич жок, Чүй өрөөнүндө изилденген уранды-чалдыбарлардын бирөөндө да бышкан кыштар жок, ал эми кыргыздын каганатынын борбору Кум-Дөбөдөгү Суябдын курулуштары бышкан кыштан салынганын байкоого болот.
Кыргыз тарыхчы окумуштуу, археологдору Чүй суусунун башында, түндүк жээгиндеги Суяб шаарын Кыргыз каганатынын борборун, караханиддердин ордосун (азыркы Кум-Дөбө айылы жайгашкан жердеги шаардын чалдыбарын) Кочкордон табаарына толук көзүбүз жетет .Бул жазган гипотезаны кыргыз окумуштуулары жана орус окумуштуу тарыхчылары кабыл албашы мүмкүн, анткени Суяб шаары Ак-бешим деп канча адам сыя коротуп, калем жешилтип, Суяб боюнча наам алууну коргогон адамдарга катуу тийиши ыктымал.Бул өрөөндүн тарыхын 40 жылдан ашык убакыттан бери изилдеп келебиз. Ар кандай фактыларды бири –бирине салыштыруу менен ушул жыйынтыкка келдик.Ак-Бешим Суяб шаары жөнүндөгү ой-пикир тарыхта жана илимий чөйрөдө бекемделип калса дагы өзүбүздүн оюубузду жазууга туура келди. Кочкор өрөөнүнүн Кум-Дөбө айылынын аймагындагы топурак кумдун астында калган шаар,Суяб шаары экенин тарыхый маалыматтардан алынып жазылды, бул шаар Кыргыз каганатынын кан ордосу экенин археологиялык изилдөөлөрдөн кийин да, даана билинет, такталат.
Колдонулган адабияттар.
1.В. В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долина. Бишкек.1996-г., 399 стр.
2.В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.О христианстве в Туркестане в домонголский период .Бишкек.1996-год. 272 стр.
3.В. В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Путь от Таласа к Чу и Чуйская долина. Бишкек.1996-год. стр. 400.
4.В.Д.Горячева.Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли. (Бурана, Озгон,Сафид-Булан) Фрунзе.1983г., стр.60.
5.В.Д.Горячева.Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли.Фрунзе.1983г,стр. 60.
6.В.В.Бартольд.Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.Тюрки.Бишкек.1996 ст103
7.Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Географические известия о западном Тяншане по Сюзань Цзану и другим китайским источникам .Бишкек. 2001г. стр. 230.
8.Бернштам А.Н. Чуйская долина. Труды Семиреченской археологической экспедиции. МИА.1950.№ 14.с.26.
9.В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.Тюрки.Бишкек.1996-г. 110ст
10.А.Н . Бернштам.Исторические география Тянь-Шаня и Памиро-Алая Бишкек-Шам.1997-год417бет
11.В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.О христианстве в Туркестане в домонголский период .Бишкек. 1996-год. 281 стр.
12.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. 2001г. 53 стр.
13.Н.А.Аристов.Усуны и кыргызы или кара-кыргызы.Бишкек. 2001-год. 44 стр.
14.Н.А.Аристов.29 стр.
15.Е.Кычанов Т. Бейшеналиев. Юань мин доорундагы кыргыздар.К.Жусупов. Кыргыздар 2 том. 232 жана 248 бет.
16.Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 4-бет Фрунзе .19
17.Бичурин(Ианкиф ). Собрание сведений стр 758,759,774. Санкт-Петербург. 1827 год.
18.Махмуд аль Кашгари. Дивани лугат ат-Турк.120,317,377 стр.Алматы.Дайк пресс .2005г
19.П.П. Семенов-Тян-Шанский. Путешествие в Тян-Шань в 1856-1857 годах. год 1908.
20.О.Солтобаев. М. Москалев. Кочкор-Башы шаарынын изилдениши . 2011.
21.А. Конурбаев, В. Мокрынин, В.Плоских. Город Великого Путешественника .Ф. 1994-г. стр.62,66,67
22.В.Д. Горячева. Городская культура тюркских каганатов на Тянь-шане( середина VI- началоXIII в.) Бишкек.2010 стр17,20,21,41,53.
23.К.М. Байпаков “ По Великому Шелковому пути”. Интернет.
24.Древние и средневековые города в территории СССР . город СУЯБ. Интернет .
25.Е.И Лубо-Лесниченко.сведения китайских писменных источнников о Суябе ( городище Ак-Бешим) стр 115
26.Абу -Саид .Гардизи. Украшение известий Сайн ал –ахбар стр 8.интернет.
27.Арабские путешественники в шелковом пути. Баракелде.ру.
28.В.Плоских. История и проблемы исследования затонувших памятников Иссик-Куля.часть1,3.4,7,8,9. Баракелде.ру.
29.О Суябе около 21 000 тысячи статья. Сайт интернета
30.К.Табалдиев. Древние памятники Тянь-Шаня. УСА. 2011.стр. 107,108,146,283,284,285.
31.Труды киргизской археолого-этнографической экспедиции. Москва.1959г. 221,230стр.
32.Л.Р. Кызласов. Исследования на городище Ак-Бешим в 1953-1954 гг.155,137 стр.
33.А.К. Кибиров. Археологические работы в Центральном Тянь-Шане.63
34.Асанов.т. Кочкор-Башы -караханий түрктөрүнүн байыркы шаары Манас университети.Коомдук илимдер журналы. Бишкек. 2002,стр 6.
35.Ч. Турдалиева. Учебно-методический практикум для практических занятий по истории Кыргызстана. Бишкек. 2011. стр.113,114 .115. 117.118.
36.Плоских В.Исследования древних цивилизаций Иссык-Куля.Exploration of ancient civilizations of I-Kul
37.А. О. Конурбаев .Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена.
38.Нам навязывали образ жизни кочевников». Вопросы истории и археологии Кыргызстана.
39.С.А. Байтлен. Города на Шелковом пути. (Казахстан). 2009-год.
40.Б.Аманбаева. Сакральные горы Кыргызстана 2004г.
Беленицкий A.M.; Бентович И.Б., Большаков О.Г. 41.Средневековый город Сред-ней Азии. Л.: Наука, 1973. 209стр.

Кайырбек Коңурбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: