Menu

Фото – 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналаарын баса белгиледи.

Бул жылы алтын сертификаттарга 52 бүтүрүүчү жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган аймактардын 14 бүтүрүүчүсү ээ болушту.

Мамлекет башчысы сертификаттардан сырткары бүтүрүүчүлөргө символикалуу белектерди тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: