Menu

Кемин районунда оор кылмыштын бети ачылды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 6-ноябрь күнү болжол менен саат 20:35 чамаларында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Кемин райондук аймактык ооруканага болжол менен 45-50 жаш курактагы европа улутундагы аял бычактан алган жаракатынан улам жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага барган учурда бычактан жаракат алган жаран ээсине келбей каза болуп калган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал Орловка шаарынын 50 жаштагы А.О. аттуу жашоочусу экендиги аныкталып, териштирүү учурунда окуя кандайча болгондугу такталган.

6-ноябрь күнү А.О. аттуунун мурдагы жолдошу каза болгонуна 40 күн толуп, аны эскерип отурушуп, спирт ичимдиктерин ичишип, мас абалында А.О. менен “Сергей” аттуу жарандын ортосунда пикир келишпестик жаралып, экөө уруша кетишкен. “Сергей” аттуу жаран А.Онун көкүрөк тарабына ашкана бычагы менен сайып жиберген жана окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен.

Бул окуя боюнча Кемин районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Кемин районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, изи сууй электе буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган Орловка шаарынын 59 жаштагы Л.С. аттуу жашоочусу кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан өзгөчө кара-куурай жыттанган, өңү жашыл түстөгү баңгизатына окшош зат табылып, жалпы салмагы 116 граммды түзгөн. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: