Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Канулкулов Марат Эдилевич сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ