Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Расмий делегация курамы:

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исмаилова;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков;

Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов;

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: