Menu

Кыргызстандагы Украина элчилиги: Биздин коргоо-өнөр жай комплекси Пхеньянга ракета кыймылдаткычтарын жана технологиясын эч качан жеткиген эмес

Бөлүшүү:

«The New York Times» газетасында 14.08.2017 ж. «North Korea’s Missile Success Is Linked to Ukrainian Plant, Investigators Say» материалынын жарыяланганына байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирүүнү керек деп эсептейт.

Украина тарабы Украинадан чыккан ракета кыймылдаткычтардын  Түндүк Кореяга жайылган мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматка олуттуу карап, бул чөйрөдөгү улуттук жана эл аралык мыйзамдарда каралган стандарттык жол-жоболорго ылайык келтирилген фактыларды  кылдат териштирүү жүргүзүп жатат.

Ошол эле учурда, украин коргоо-өнөр жай комплекси Пхеньянга ракета кыймылдаткычтар менен ракета технологиясын эч качан жеткирбегендигин азыркы этапта эле далилдесе болот. Түндүк Кореядагы  ракета технологиялардын  өнүгүү прогресстерине Украинанын мүмкүн болгон катышы бар тууралуу жарыялоонун авторлорунун божомолдору чындыкка жатпайт.

Украинанын көз карандысыздык жылдарында Мамлекеттик ишкана «А.М.Макаров атындагы Түштүк машина куруу заводу өндүрүштүк бирикмеси» (Түшмаш) макалада көрсөтүлгөн РД-250 кыймылдаткычтарын же алардын  ракеталар үчүн модификацияларын жана аскердик милдетти аткарган ракета комплексин чыгарган эмес. Бирок ушундай мүмкүнчүлүктөрдү, атап айтканда, орус «Академик В.П.Глушко атындагы «Энергомаш ӨЭУ» Акционердик компаниясы» пайдаланышы мүмкүн.             РД-250 кыймылдаткычы айтып өткөн «Энергомаш ӨЭУ» Акционердик коомунда долбоорлонгон, анын өндүрүшү 1965-1991 жж. Түшмашта иш жүзүнө ашырылган. Көрсөтүлгөн кыймылдаткычтар менен «Циклон-2» жана «Циклон-3» космостук ракета комплекстери, ошондой эле
P-36 континенттер аралык баллистикалык ракеталар жабдыкталган. Аларды 1979 ж. курал-жарактан алып салгандан кийин жана Р-36М ракетасына алмаштырылгандан кийин Түшмаштагы өндүрүштүн багыты токтотулган жана бүгүнкү күндө калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн согуштук ракеталык комплекстер СССРдин Коргоо министрлигинин стратегиялык милдет аткарган Ракета күчтөрүнүн куралдануусунда болгон. Алар Украинанын аймагында кезметте болгон эмес, ал эми РД-250 кыймылдаткычы жалаң гана ракетанын курамында жеткирилчүү. Биргелешкен «Циклон-Спейс» Украина-Бразилия долбоору үчүн ата-мекендик «Циклон-4» ракетасын өнүктүрүүнүн алкагында украин ишканасы Орусиядан топтолуучу заттарды алган, атап айтканда, РД-250 кыймылдаткычын – «Циклон-4» ракетасынын бир учуучу нускасын даярдоо үчүн, ал нуска  азыркы учурда Түшмаштын аймагында токтотулган абалда турат. Ошентип, Украинанын аймагында РД-250 технологиясынын негизинде түзүлгөн кыймылдаткычтын бир гана нускасы бар,
ал эми РФтин Коргоо министрлигинин кампа арсеналдарында РД-250 кыймылдаткычтары менен чогуу «Циклон-2» жана «Циклон-3» түркүмүнүн токтотулган баскычтары сакталууда.

Түндүк Кореядагы  ракета технологиялардын  өнүгүү прогресстерине Украинанын мүмкүн болгон катышы бар тууралуу жарыялоонун авторлорлорунун жана цитата келтирген «эксперттин» божомолдорунун эч кандай негиздемеси жок.

Түндүк Кореянын космостук жана коргонуу мүнөздөгү ракеталык программаларына Түшмаштын азыркы учурда тиешеси жок жана эч качан болгон эместигин белгилей кетүү зарыл.

Түшмаш заводундагы аскердик милдет аткарган ракеталардын жана ракеталык комплекстердин чыгарылышы Украина көз карандысыздыгын алгандан кийин токтотулган.

Украина акыркы жылдары экспортко чыгарган жалгыз сериялуу кыймылдаткыч – бул РД-843. Ал Италияга европалык «Вега» ракетасы үчүн жеткирилет. «Вега» ачык мейкиндиктин шарттарында жүргүзүү жана иштетүү үчүн арналган жана, өзүнүн мүнөздөрү жана тартуучу күчү боюнча, аскердик милдеттик аткарган баллистикалык ракеталарда колдонуу үчүн ылайыктуу эмес.

Украина  ишенимдүү экспорттук  контролдун мамлекеттик системасына ээ болгондугун белгилей кетүү маанилүү. Ал системанын узак мөөнөттүү кемчиликсиз иштеши Украинага бардык экспорттук контролдун эл аралык режимдеринде ишенимдүү эл аралык өнөктөш жана катышуучу болууга мүмкүндүк берди, ошону менен бирге, ракета технологияларды контролдоо Режиминде. Анын натыйжалуулугу, бардыгынан тышкары, 2012 жылы далилделген. 2012 жылы Украинада Түшмаштын жашыруун маалыматтарын алууга аракет кылганТүндүк Кореянын 2 жараны кармалып, 8 жылга соттолгон. Украина аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө жооптуу тышкы саясат жүргүзүүдө, ошондой эле эч кандай тыюу салынган иш-аракеттерди болтурбоо, массалык кыйратуучу куралды жана анын каражаттарын жеткирүүнү  жайылтпоо режимин күчөтүү максатында туруктуу негизде өзүнүн экспорттук контролдоо системасын жакшыртууну улантууда. Буга байланыштуу, Украина Корея жарым аралында түзүлгөн жагдайды жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурат, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары.
Украина үчүн Түндүк Кореянын өзөктүк программасы менен байланышкан маселелерди жөңгө салуунун негизги принциптери: дипломатиялык диалогдун уландысы жана санкциялардын режимин милдеттүү түрдө сактоо, алар киргизилген учурдан тартып.

Украина тарабы кийинкини белгилеп кетүү керек деп эсептейт: Орусиядан чыккан провокациялык сценарийдеги бул макаланын пайда болушу ачык манипуляция, анын максаты – Украинанын беделин кетирүү,
ошондой эле Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программаларындагы өзүнүн катышуусун жашыруу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: