Наманган шаарында ушул жумадан баштап үнкүчөткүч менен азан чакыруу токтотулду. Бул тууралуу 1-ноябрда centralasian.org кабарлагандай намангандык активист Аббас Асад маалымдаган.
“Наманган облусунун имам-хатибинин буйругу менен шаардагы мечиттерде үнкүчөткүч менен азан чакырууга тыюу салынды. Кимдир-бирөөлөр аткаминерлерге намазга чакыруу өтө катуу чыгып жатканы боюнча арызданган экен”, – дейт Аббас Асад.
Негизинен Наманган, Фергана, Андижан облустары менен Ташкент шаарынын тургундары азандын үнкүчөткүч менен чыгып жатканына нааразы болуп кайрылышкан. Ошондон улам Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы үнкүчөткүчсүз эле азан чакырса болорун айтып, тыюу салбастан, жөн гана үндөп жаткан учуру.
Кыргызстанда дагы үнкүчөткүчсүз азан айтууну өтүнгөндөр четинен чыгат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ