Menu

Казакстан: «терроризмди пропагандалоого» айыпталган жаран кайрадан реанимацияга жаткырылды

Бөлүшүү:

Казакстанда «терроризмди пропагандалоо» жана «диний кастыкты козутууга» айыпталып жаткан тогуз адамдын бирөөсү Жулдызбек Таурбеков 7-июлга оогон түнү кайрадан Алматыдагы Кардиологиялык борбордун реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын апасы Асемгүл Жаугашева билдирди.

Таурбековдун экинчи жолу реанимацияга жаткырылганын оорукананын нөөмөттөгү дарыгерлери ырасташты. Алардын айтымында, учурда бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Алгачкы жолу Таурбеков реанимацияга 29-июнда жеткирлип, 6-июлда кайрадан тергөө абагына которулган. Дарыгерлер анда керектүү медициналык жардамсыз бейтаптын оорусу күчөп кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Жалпысынан бул иште Казакстандын түрдүү аймактарында жашаган тогуз киши айыпталуучу катары өтүүдө. Прокуратура өкүлү тергөөнүн экспертизасы алардын WhatsApp мессенджериндеги жазышууларында «диний кастыкты козутуу» жана «диний-радикал көз караштарды пропагандалоо» белгилери бар экенин аныктаганын айткан. Бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сөз сүйлөгөн көз карандысыз эксперт-теологдор менен филологдор айыпталуучулардын тексттеринде радикализм белгилери жок экенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: