9-май күнү Лейлекте болгон катуу шамал 3 миллион сомдон ашык зыян келтирди. Бул тууралуу аталган райондун акими Баймурат Бекмуратов Кyrgyztodayге билдирди.
Анын айтымында катуу шамал 5600дөн ашуун шыйпырды учуруп, жараксыз абалга келтирген. Анын ичинде жеке турак үйлөр, 1 балдар бакчасы, 12 мектеп, 1 маданият үйү олуттуу зыян тарткан. Ошондой эле жүздөгөн алма, өрүк сыктуу мөмө дарактары сынып, айыл чарбасы дагы жабыркаган. Учурда табийгат кырсыгынын зыяндары толук эсептелип бүгүп, тиешелүү жардамдар бериле баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ