Menu

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Бөлүшүү:

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Токмоктогу жапырт уулануунун себептерин аныктады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, дарыгерлерге 174 киши кайрылган, алардын ичинен 78и ооруканага жаткырылган. Учурда 10 киши дарыланып жатат.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгону аныкталган.

«Мегаполис» рестораны Токмок санэпидемстанциясы тарабынан кемчиликтерди жойгонго чейин убактылуу жабылды.

Уулануу 29-июнда үлпөт той учурунда болгон. Салтанатка Токмок, Бишкек, Кочкор жана Ысык-Көлдөн 256 киши чакырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: