Menu

Элчи Динара Кемелова Кореянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу тобунун жетекчиси менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июлда Элчиликтин демилгеси менен Элчи Динара Кемелованын Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу тобунун жетекчиси Ли Джон Бэ мырза менен жолугушуусу болду.

Динара Кемелова жакында Корей жарым аралындагы күзɵттүк аймакта болуп ɵткɵн АКШнын, Түштүк Кореянын Президенттеринин жана Түндүк Кореянын башчысынын жолугушуулары менен корей тарапты куттуктады.

Тандалып алынган суйлошүүлɵр жолу Корей жарым аралында тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна, ошондой эле региондун ɵнүгүшүнɵ алып келет деген ишенимин билдирди.

Элчи Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын жогорулашына кыргыз тараптын кызыктар экенин айтты.

Ли Джонг Бэ мырза Кыргыз элинин демократиялык ɵнүгүүгɵ болгон умтулуусун жогору баалады жана келечекте Кыргызстан парламенттик башкаруу жолу аркылуу жакшы жыйынтыктарга жетишет деген үмүтүн билдирди.

Түштүк Кореянын депутаты Кыргызстандагы этникалык корей улутунун ɵкүлдɵрүнүн абалын белгилеп алар Кыргыз Республикасындагы башка улуттардын ɵкʏлдɵрʏ менен достукта жана биримдикте жашап жатканын айтты.

Ɵз кезегинде Элчи Д.Кемелова Кыргызстан менен Корея Республикасынын соода-экономикалык байланыштарындагы тоскоолдуктарды тɵмɵндɵтүүгɵ мыйзамдык жактан жардам берүүсүн ɵтүндү. Тараптар эки ɵлкɵнүн борбор шаарларын байланыштыра турган түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктɵрүн дагы талкуулашты жана келечекте дагы
жолугушуулар болорун макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: