Казакстан Мамлекеттик кирешелер комитети Париждеги 65 миллион евролук батирдин ээсин тапты, бирок “салык сырына” таянуу менен анын атын атаган жок.
«Биз Франциядагы кесиптештерибизге суроо жөнөткөнбүз, жооп келди. Бирок салык төлөөчү маалыматтарын ачыкка чыгарууга уруксат берген жок, ошондуктан биз айта албайбыз. Бул салык сыры. Батир мыйзамдуу жол менен алынган, салыгы төлөнгөн. Ал кирешесин көрсөттү. Бул анын жеке акчасы. Ал өкмөттө иштеген киши эмес», – деди комитеттин төрага орун басары Мади Такиев.
Буга чейин чет өлкөлүк жана жергиликтүү ММКлар казак өкмөтүнүн өкүлү Парижде 65 миллион еврого батир сатып алганын маалымдашкан. Басылмаларда турак жай Елисей талаасынан алыс эмес жерде жайгашканы жазылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ