Menu

Жолборс Жоробеков, саясат талдоочу: “Үчүнчү революция болуп кетет дегенге эч кандай негиз жок”

Бөлүшүү:

-Мурдагы президенттик аппараттын Сот, укуктук, мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев экс-биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсүн берди. Анын бул кадамы бүгүнкү саясий кырдаалга кандай таасир берет? Кырдаалды ого бетер күчөтүп жибербейби? Мурдагы президенттин жубайынын сот чечимине кийлигишкени эмнени билдирет?

-Эгемендик алгандан бери Кыргызстанга Кудай бир оңдуу президентти берген жок. Алгачкысы, албетте, интеллектуалдуу адам деп абдан сыймыктанып жүргөнбүз. Тилекке каршы аныбыз коррупцияга жол ачып, экономиканы кыйратып кетти. Анан К.Бакиевди шайладык. Ал дагы тууган-урук, бала-чакасы менен кичинекей мамлекетибизди талап- тоноп, тойгондо басып кетти. Мурдагыларынан күйүп калган элибиз үчүнчү президенттен үмүтү чоң болчу. Өнүгүүгө, оңолууга бет алабыз го дегенбиз. Бирок, ал мурунку президенттердин тагдырларынан сабак алмак турсун, алардан жаман абалга алып келди. Мына өзүңөргө белгилүү болгондой, жакында Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алды. Ал үчүн беш позиция боюнча айып тагылды. Мен бул боюнча мурда деле айттым эле, бул беш позиция айсбергдин үстүңкү эле катмары. Булардын ар бир бөлүгүн тыкыр иликтесе, дагы көп кыңыр иштердин бети ачылышы мүмкүн. Ошол эле Дача-Су, ТЭЦтеги авария жана башка ушул сыяктуу маселелер. Кудай жалгап үстүртөн эле көрүнүп, ачылып калгандары. Музей, Ипподром ушуга окшогондордун бардыгын башынан иликтей турган болсо Атамбаевдин кантип байыганы белгилүү болот. Өзү дайыма мурун эле бай болгондугун, миллиардер экенин айтып келет. Ошондой болсо анын буга чейинки төлөгөн салыктарын эле карап койсо, бардыгы чыгып калат. Эми биз канча айтсак да, бул нерселер өткөн иш. Ал эми Р.Атамбаева боюнча айта турган болсок, бул ошол эле иштердин уландысы. Мурдагы президенттер тууган-уругу менен болсо, Атамбаев айдоочусу, катчысы болуп мамлекетке кол салышкан. Башкасын ойлосом да мен Р.Атамбаевадан мындай нерселерди күткөн эмесмин. Мурдагы “хан айымдарга” караганда эстүү, билимдүү болсо керек деген ойдо болгом. Бирок, ошол Манас Арабаевдин айткандары чын болсо, анын сөзүнө ишенбей коюуга мүмкүн эмес. Анткени ал көчөдө жүргөн бирөө эмес, ал Президенттин аппаратынын укук жа-гын тейлеген жигит. Р.Атамбаеванын көрсөтмөсү менен бир катар иштерди жасаганы айдан ачык көрүнүп турат.

Эки достун тиреши өлкөбүзгө зыянын тийгизип койбойбу?

– Чындап келгенде экөө дос деле эмес. А.Атамбаевдин эң жакын досу А.Эркебаев. Экөө студенттик жылдары табышып, ошондон бери достук мамиледе болуп келишкен. Ал эми С.Жээнбековдун ортосундагы мамиле мындан 20 жыл мурун эле бузулган. Ошондон бери жанбай келип, элге эми гана ачыкталып отурат. Доспуз деп коюп, адаттагыдай кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн Атамбаев дагы деле Кой-Ташка жатып алып, көмүскө башкарам деген ою ишке ашпай калып, дагы да болсо кан төгүүгө даяр болуп турган чагы. Бирок, экөөнүн тиреши жалпы элге залакасын тийгизет дегенге ишене албайм. Болгону туристтик сезондо элибизге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ал эми үчүнчү революция болуп кетет дегенге эч кандай негиз жок.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: