Menu

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башыда айылдык хоккейчилердин мелдешин өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде жаштардын спорттун ар-кандай түрлөрү менен машыгып, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болушуна  опол тоодой салым кошкон инсандардын алдыңкы сабында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, волейбол боюнча СССР спортунун чебери Камчыбек Жолдошбаевдин ээлеген татыктуу орду жалпы журтубузга жакшы белгилүү.

Ал эми, анын ишкер катары экономикабызды алдыга жылдырууга жана жарандарды жумушчу орундар менен камсыз кылууга кошкон салымы жылдан-жылга артып келет.       Өзгөчө, өткөн 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жылы» катары жарыялашынын алкагында анын эл өкүлү катары калкты көмүр менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү иштери, социалдык жактан колдоого муктаж адамдарга жеринде барып берген жардамдарын жана башка маселелерин чечүүгө колдоолорун  өзгөчө белгилеп кетсек болот.

Ошондой эле, ал ишкерлик менен алектенген мезгилинде союз тарагандан кийин кароосуз калган Нарын областынын Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылында сатылып алынган автобазанын
3 кабаттуу административдик имаратын 1 гектар жери жана спорт залына ылайыктала турган курулушу менен жергиликтүү орто мектептин пайдалануусуна Баетов айыл өкмөтүнүн балансына бекер өткөрүп бериши бүт респбликабыз боюнча кайталангыс саамалык болуп калды.

Аталган иш-чара 2018-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А. Джумабеков, бир топ депутаттар жана башка бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагына жана Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине шайкеш  болуп калганы элдин өзгөчө эсинде калды.

Депутат К. Жолдошбаев муну менен гана чектелбестен, аталган мааракеге арналган ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө «Жигули» автоунаасын белекке бергендиги, анын улуттук оюндардын өнүгүшүнө кошкон белсемдүү салымынын айкын далили катары кабыл алынды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын февраль айынын башында Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районундагы өзү туулуп өскөн Кызыл-Туу айылында дагы бир жакшы демилгени колго алган. Атап айтканда, өз каражаты менен капиталдык ремонт жүргүзгөн айылдын стадионунда райондук деңгээлде айылдардын командаларынын ортосунда хоккей боюнча мелдешти уюштуруп, жалпы элдин колдоосуна ээ болгон.

Мелдештин ийгиликтүү жыйынтыгын жана жергиликтүү хоккейчилердин өтүнүчүн эске алып муз аянтчасынын тегерегин тосмолоого, башка хоккей оюнуна керектүү шаймандар жана спорттук формалар менен камсыз болушуна жардам берип, аталган мелдештин деңгээлин жогорулатууга жана жыл сайын өткөрүүнү салтка айландыруу демилгесин көтөргөн.

Ошол убадасын быйыл аткарып, депутат К. Жолдошбаев үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Кызыл-Туу айылынын стадионунда Ат-Башы районунун айылдарынын командаларынын ортосунда хоккей боюнча кезектеги мелдешти уюштурду.

Мелдешке катышкан 4 командаларды жергиликтүү айылдын тургундары жана меймандары кызуу күйөрмандык маанайда колдошуп, жыйынтыгында 1-орунга Казыбек айылынын командасы, 2- жана 3- орундарга Талды-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын хоккейчилери татыктуу болушту. Эл өкүлү тарабынан байгелүү орундарга ээ болгондорго үч даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор тапшырылды.

Бул мелдешке утурлай К. Жолдошбаев эл өкүлү катары жергиликтүү тургундар менен дагы бир-топ жолугушууларды өткөрүп, аларда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялашынын негизги мааниси жана багыттары жөнүндө, өзүнүн депутаттык ар-тараптуу  ишмердиги жана  жарандар тарабынан көтөрүлүп келген көйгөйлүү маселелердин чечилиши боюнча кеңири маалыматтарды берди.

Ал эми, хоккей боюнча мелдештин жүрүшүндө жана жергиликтүү тургундар менен жолугушууларда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2018-жылдын 30-декабрындагы Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Камчыбек Жолдошбаевге «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамдын берилиши боюнча жарандар тарабынан мамлекеттик сыйлык ээсине кызуу куттуктоолор менен бирге, мындан аркы ар-тараптуу ишмердигинде албан-албан ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин жана каалоо-тилектерин билдиргендер көп болгондугун өзгөчө белгилеп кетмекчибиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: