Menu

Фото – Ысык-Көлдө каржы пирамидасын уюштурууга шектелген, 10 млн. сомдон ашык киреше алган 7 аял кармалды

Бөлүшүү:

Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери каржы пирамидасын түзүүгө шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, жети аялды кармалды.

Тергөөнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, алар мыйзамсыз түрдө 10 миллион сомдон ашык киреше алышкан. Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинина 214-берене (“Каржы пирамидаларды уюштуруу”) боюнча кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү берилди. «Алданган жарандар милицияга каржы пирамидасы жөнүндө билдиришти. Жабырлануучулардын айтымында, алар үлүш ээлери катары өз акчаларын Балыкчы шаарында жайгашкан “Ырыскы” жана “Ак-Куу” каржы уюмдарына жумшашкан. Уюштуруучулар адамдарга азыркы мезгилге бир кыйла жогорку кирешелүүлүктү убада кылып, акча каражат салууну сунушташты ”, – деди милициядан.

Келип түшкөн бардык арыздар Балыкчы шаарынын Ички иштер органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Кылмыштын оордугун жана өзгөчө чоң зыянды эске алуу менен, ошондой эле кылмышты тез арада чечүү максатында, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Балыкчы шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасынан биргелешкен ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, каржылык пирамиданы уюштурууга шектүү адамдар аныкталды. Алар Балыкчы шаарынын тургундары, 27 жаштагы Т.Зулфия, 28 жаштагы А. Алина, 38 жаштагы А.Жазира, 31 жаштагы Т.Чынара, 35 жаштагы Б.Асел, 51 жаштагы Б. Гүлмира жана 55 жаштагы О.Атыркүл.

Шектүүлөрдүн бардыгы кармалып, убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Ошондой эле, кечээ, 18-августта соттун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалгандыгы маалымдалган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: