Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Жогорку Кеңеште маалымдалгандай, анын талапкерлиги парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент, ошондой эле социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринде каралды.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталган.
Ализа Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматын аркалап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ