Menu

ЖК аппарат жетекчиси Саматбек Ибраевдин башаламандыгын ким тыят?

Бөлүшүү:

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” кинотасмасынын тегерегинде азыр да уу-дуу кеп көп. Кеңири жарнамаланып, Оскарга татыктуу тасма катары мактап жатышты эле, прокаттан ага жумшалган каражаттын жарымы да кайтып келген жок. Мунун себебин фильмди тартуу сунушун көтөрүп чыккан Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси, “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраевден издеш керек.

Анткени, колдо турган далилдерге ишенсек, Саматбек Ибраев аталган фильмди алып чыгуу менен улуу манасчынын атын түбөлүккө калтырууну гана эмес, жеке пенделик дагы кызыкчылыгын көздөптүр. Фильм тартуу шыбагасы оңбогондой акча каражатын талап кылат эмеспи, Ибраев болсо ага кеткен каражаттын көп бөлүгүн өзү чыгарганын айтып мактанганды жакшы көрөт. А бирок, бул каражаттар ортолук бизнестен уурдалып чыгарылганы, ондон ашуун жылдан берки өнөктөшүнө алдамчылык кадам жасалганы мына, азыр ачыкка чыга баштады. “Саякбай” фильминин шылтоосу менен өзү 2007-жылдан 2015-жылга чейин, андан соң уулу Данияр баш деректир болуп турган фирмадан 100 миллиондогон сомдук каражаттарды “крысалардай” уурулук жол менен чыгарып кетишкени чынбы? Жо-ок, бул дагы аздык кылыптыр, “аппетит приходит во время еды”- дегендей, патриоттук фильм тартуу максатына жамынып, арам иштерди кылса болоруна көзү жеткенден кийин Ибраев “Легенды” фильмин тартат, анын бюджети 17 миллион сом. Бул кинолорго чынында көрсөтүлгөн суммадагы акчалар кеткен эмес. Анча каражат жумшалса, кино чын эле Оскарды алып жыгылмак да. Андыктан, тийешелүү органдар бул фильмдерге кеткен каражаттарды текшерип чыгышса жакшы болмок, себеп дегенде, ортодо бизнести өркүндөтүү үчүн үй-жайларынан бери күрөөгө коюп, алданып олтурган Ибраевдин өнөктөшүнүн тагдыры жатат. Жаш баладай алданып, кимге кайрылаарын билбей, башы катып олтурган кербези. Анткени, Саматбек Ибраев ЖК аппарат жетекчиси кызматынан пайдаланып, учурда ага колдун келишинче басым жасоодо.

Тагыраагы, ортоктош фирмадан оңбогондой каражаттардын дайыны чыкпай жатканы билинген соң, Саматбек Ибраев мунун баарына күнөөлүү катары өнөктөшүн көрсөтүп, бул шылтоо менен бизнестин калган да бөлүгүн өзүнө тартып алууну көздөөдө. Муну рейдерчилик деп коюшат. Мына ошондуктан, фирманын экинчи уюштуруучусу ишкананын түзүлгөн күндөн берки ишине көз карандысыз аудит жүргүзүүнү демилгелеп, жада калса, аудитордук компаниянын кызматын өз чөнтөгүнөн төлөп берүү ниетин жасаган. А бирок, аудиторлорду учурда фирмада баш директор болуп турган Данияр Ибраев киргизбей койгон. Фирма түзүлгөндөн бери жетекчиликти, бухгалтердик ишти Ибраевдер жасап келген. Алар чын эле таза болсо, анда аудиттен эмнеге коркушат?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: