Кечээ, 10-июлунда Башкы консул Эркин Сопоковдун Анталья провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында, ал тапанча менен атып өлтүрүлгөн КР жараны М.Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Э.Сопоков туугандарына көңүл айтып, кылмыш–жаза иши Башкы консулдук тарабынан контролго алынгандыгын билдирди, ошондой эле бул кылмыш – жаза ишине тиешелүү бардык керектүү консультацияларды берди.
Консулдук чыгуунун алкагында Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, кыргыз тарабынын бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле Э.Сопоков М.Иманалиев эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» отелинин жетекчилиги менен жолугушту. Белгилей кетчү нерсе, бул отельде 60 ашык КРнын жараны иштейт.
Азыркы учурда Башкы консулдук тарабынан маркумдун денесин КРга жеткирүү маселеси толугу менен чечилди. Туугандары менен макулдашуунун негизинде, маркумдун денеси 2019–жылдын 12–июлунда «Пегасус Азия» авиакомпаниянын рейси менен алып кетүү күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ