Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы жана Монголия элин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сизди жана Монголиянын боордош элин „Наадам“ улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарыңыздын алкагындагы Сиз менен жолугушуумду жылуу сезим менен эстейм. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана эки тараптуу күн тартиби боюнча иштиктүү пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү жактайбыз деп баса белгилейм», — деп жазылган Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Халтмаагийн Баттулгага бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Монголиянын элине өсүп-өнүгүүнү жана бакубаттыкты каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: