2017-жылдын I жарым жылдыгында Өкмөттүн Аппаратына жарандардан 2436 жазуу жана 567 оозеки түрүндө кайрылуу келип түшкөн. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, кайрылуунун ичинде:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 132;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 460;
– Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына – 420;
– электрондук кайрылуулар – 371;
– КМШ катышуучу мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 13.
Жыйынтыгында оң чечим кабыл алынгандары боюнча 68, 389 кайрылуу боюнча түшүндүрүү жооптору берилген, 43 кайрылуу артка кайтарылган жана 1412 кайрылуу контролго алынган. 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы жалпы кайрылуулардын ичинен калкты өзгөчө түйшөлткөн маселелерди төмөнкүдөй багыттарда бөлүүгө болот:
– социалдык кызматтардын иши, пенсия, жөлөк пулдар жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 289 (11,86 %);
– турак-жай маселелери – 215 (8,83 %);
– билим берүү жана илим маселелери – 211 (8,66 %);
– агро өнөржай комплекси, экология, дыйкан фермердик чарбалар – 147 (6,03 %);
– жумушка орношуу, эмгек талаш-тартышы жана айлык акы – 112 (4,59 %);
– курулуш жана архитектура маселелери – 106 (4,35 %);
-укук коргоо органдарына тиешелүү маселелер – 96 (3,94 %);
– саламаттыкты сактоо маселелери – 88 (3,61 %).
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына 2017-жылдын I жарым жылдыгында 279 адам кайрылган, анын ичинен 14 кайрылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги кабыл алган: Премьер-министр – 5 адамды, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – 5 адамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр – 4 адамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү тарабына 232 адам кабыл алынган. Көпчүлүк маселелер кабыл алуунун жүрүшүндө чечилсе, айрым маселелер боюнча тапшырмалар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ