Menu

Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев Атамбаевди сотко берди…

Бөлүшүү:

«Ар намысыбызга шек келтирди» деген жүйөө менен Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер экс-президент Алмазбек Атамбаевди ошондой эле «Апрель» телеканалынын Башкы директору Дмитрий Ложниковду сотко бергенин уктук. Доо арызды Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кароого алды делет. Аталган үчөө болсо өздөрүнүн « жабыр тарткан» ар-намысы үчүн ар бири 3 миллиондон Атамбаевден 9 миллион, Ложниковдон 9 миллион, жалпысы 18 миллион сом төлөп берүүсүн билдиргени айтылат. Алардын антип сотко арыз берүүсүнө Алмазбек Атамбаевдин 10-ноябрь күнү «Апрель» телеканалынын журналистти Канат Каниметовго берген маеги себеп болуптур. Кыясы, биздин божомолубузда анда Атамбаев Келдибековдун дарегине «… Элдин көзүн такыр эле сокур кылгысы бар. Ошол эле мамлекеттик кызматта иштеген, анан мультимиллионер болгон Келдибеков «Атамбаевди камаш керек» деп кыйкырып жатпайбы! Мамлекеттен уурдап, мамлекеттен миллионер болгондорбу?… » дегенине таарынса керек. Айтмакчы, Ахматбек Келдибеков буга чейин Kyrgyztoday, «Aзия Ньюс» жана «Аргумент. kg» ЖМКлары менен соттошуп жатат деген маалымат тараган.

Ал эми Бекназаров тууралуу «… Азимбектер сүйүнүп жатканын мен жазында эле байкагам. Анткени булардын ою кандай болчу? Сооронбай менен Атамбаевди чабыштырып коюуп,бир балее болуп кетсе, биз дагы кур калбайбыз деп жатат да? Анткени бир жолу айткам, азыр да кайталап коеюн, Азимбектер кузгундарга окшош. Куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат. Анткени бир балээ болуп кетсе, кан
төгүлүп кетсе, Кудай сактасын… элге жаман эле болот. Азимбектер пайдасын көрөт, акчасын табат… Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков мени душман кылып, асылгандан Кыргызстанга эмне пайда? Ынтымак кетип баратат, эл аз-аздан бөлүнүп баратат. А бирок «кузгундарга» майрам да… Жөн жерден чатак чыгаруу бул элге жакшы эмес. Бизге эң негизки байлык – Кыргызстанга акыркы жылдары тынчтык, ынтымак келген. Эл биригип калган. Ошону сакташ керек болчу» деген маанайдагы айткандарына чычаласа керек, а
киши.

Ал эми Дүйшөбаев боюнча «Дүйшөбаевди президент болоорум менен иштен айдагам. Анткени Апрель революциясына чейин тамекиге, пирожкиге акча сурап жүргөн Дүйшөбаевдин азыр канча мал-мүлкү бар. Бир тарапта Апрель, июнь окуясында күнөөсүз балдар өлүп жатса, бир тарапта Дүйшөбаевге окшогондор мультимиллионер болбодубу. Эми булардан жийркеиш керек, булардан алыс туруш керек. Анан туура, жанагы морадерлук, банк ячейкалар жана башкалары чыкканда мен бир топ эски санаалаштарымдан кол үзгөм. Анткени мен таза адамын. . » деген таризде айтканы Кеңешбек мырзанын да «ар-намысына» таасир этип ийсе керек.

Не демек элек, мезгил азыр башка, «эмне болсо да ошолор сүйлөсүн» деген замандын ыргагында турабыз. Тээ илгери, 17-18-кылымдарда жашап өткөн акын, адабий сынчы Генрих Гейне айткандай «баатырлар жок кезде аренага маскарапоздор чыгат» дегендей, анан калса бүгүн кыргыз тандалмасынын (элита дегендеринин) арасында кимдер гана жок. Кыскасы жаман оюн башталгандай? («Тфү!» дейличи.) Жаманы, коомубуздагы акыркы бир жыл ичинде болуп жаткан окуялар, кадрдык алешемдиктер, тандалма күрөш деген сыяктуулар ансыз деле өз арбайын өзү көрүп жаткан элди ого бетер кыжырдантып жатканы. Анан калса азыркы тапта ким катуу кыйкыра берсе эле ошолордуку сөз боло бергени деле туура эмес го? Мындайда чочуганыбыз, ар ким эле «баатыр» боло берип тоо мүнөз сабырдуу элдин сабырына доо кетирип алышпаса болду… Тынчылык эле болсунчу.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: