Menu

КР ЖКнын депутаты Исхак Пирматов журналисттерге пара бергенин моюнуна алды

Бөлүшүү:

27-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн жеке баракчасына бүгүнкү күндөгү журналисттерди сындаган билдирүүсүн жарыялады. Анын айтымында, террористтер менен сүйлөшүүлөр кандай мүмкүн эмес (неприемлимо) болсо, журналисттер менен да так ошондой эле соода кылыш туура эмес экенин кечирээк түшүнгөн.

“Достор! Бүгүнкү журналистика чөйрөсүндө «журналист» деген бийик наамга таптакыр татыбаган айрым журналист сөөрөй ушакчы сойкулардын жалган жалаа жапканы кадимки эле адатка айланып бараткансыйт. Мен аларга көңүл бурбаганым, сотко бербегеним – аларды пиар кылгым келбегени жана ансыз деле эч ким окубаган рейтинги төмөн гезит, сайттарына теңелбегеним. Менин саясатка келгенден бери кетирген эң чоң катам – убагында, 2012-жылы мыйзамсыз иш козголгондо, болуп көрбөгөндөй жалааларды жүрөгүмө жакын кабыл алып, чыдабай бир эки кыргыз тилдүү «гезиттерине», тагыраагы алардын каракчыларына (вымогательдерине) акча берип койгонумда. Ал маалымат дароо каракчылар арасында тарап, баарына жетише албай койгом. Ага өкүнөм. Террористтер менен сүйлөшүүлөр кандай мүмкүн эмес (неприемлимо) болсо, так ошондой эле булар менен соода кылыш туура эмес экенин кечирээк түшүндүм.

Бүгүнкү күнгө чейин эски пластинканы коюп, “бир нерсе өнүп калса ажеп эмес” деп үмүтүн үзбөй келген сары пресса ач арбактарына кайрылам: Эч нерсе тийбейт! Ала албайсыңар! Каралап, шантаж кылганыңар өтпөйт, реакция да кылбайм! Үмүтүңөрдү үзүп, Ахыретте жооп беришиңерди ойлонгула. Кудайга койгом баарыңарды.

Силер фейк профильдерге жашынып алып жазып жаткан менин сансыз байлыктарымды: жүзгө жакын деген заправкаларды, куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бар болгон болсо баарын силерге бердим!

Достор! Өмүр бою мамлекеттик кызматта бир гана айлыкка иштеп чириген бай коррупционерлерге менин көз карашым так сиздердикиндей! Мамлекеттик кызматта гана иштеп, байып кетиш мүмкүн эмес. Актанбайм, бирок мени алардын тизмесине кошкон канчалык туура? Депутат болгонума чейин бир да күн мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Ал эми 2010-жылдан бери депутаттык ишмердүүлүгүмдө казынага колумду сала тургандай бийликке жакын топтордо мүчө болуп, качан маселе чечип келдим эле? 90-жылдардан баштап бизнестин ысык-суугунун бардык тепкичктерин өз алдымча, эч кимдин колдоосу жок эле басып өтүп, кудайга чексиз шүгүр жаман болбодум. «Кыргызнефтегаз»ды көп айтышат, болгон мүлкүмдүн баары ал жерге 2008-жылы барганга чейин алынган жана Кочкор-Атанын эли аны жакшы билет. Мен ал жерге кандай келгенимди жана кандай кеткенимди, мен уурулук үчүн жумуштан кетирген адамдардан эмес – жалпы элден сурасаңыздар айтып беришээр. Жыл сайын тапшырган декларациямда да бардыгы так көрсөтүлгөн. Жүзүм жарык. Элдин акысын жебей бизнесте мээнет менен тапкан мүлкүмдү эч кимден жашырбайм. Айылымдагы 30 га жерди какыраган 6000 гады түзгөн Орток-Бел чөлүнөн, айыл өкмөттөн ижарага алып, элге өрнөк, үлгү, жумуш орун болсун деп бак тиккем. Бишкектин четинен сугат жери кенен жерден тиккенимде он эсе арзанга айланмак. Аны да көрө албагандарга эмне демек элем? Эл тараза, элимден айланам..

Кыскасы шайлоо жакындаган сайын , жалгыз мени саясий конкурент катары көргөн Чаткал – Ала Букадан депутаттыка коём деген азаматтар! Эмитен эле түн уйкуңар бузулуп, дубал тырмап тытып жата берсеңер ооруп каласыңар! Мындай буйрутма материалдар менен алыска бара албайсыңар! Тымызын жел чыгаргыч болбой ачыкка чыгып чабышкыла! Колуңардан келсе.. келбесе – кудайдан корккула!

Кымбаттуу мекендештерим, бир аз эмоцияга алдырып койсом сиздерден кечирим сурайм, келе жаткан жаңы жыл баарыбыз үчүн өзгөрүүлөрдүн, туруктуулуктун, жакшылыктарды гана алып келген жыл болсун! Жаңы жылыңыздар менен!”, – деп жазган депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: