“Кечээги Өмүрбек Бабановдун жактоочуларынын маалымат жыйынынан кийин Бабановдун Кыргызстанга келе тургандыгы тууралу маалымат резонанс жаратып, коомчулукта талкуу болуп жатпайбы”, – деп билдирди 30-мартта экс-депутат Бегалы Наргозуев.
“Айрыкча бул Улуттук коопсуздук комитетинен “Бабанов келсе камалат” деп маалымат чыгып кетти. Бирок УКМК ошондой айтууга милдеттүү, себеби, алар баягы Атамбаевдик режим учурунда Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери алигиче жабыла элек да. Ал кылмыш иши жабылыш үчүн алар кандайдыр бир жумуш, иликтөө өткөрүш керек. Ошол эле Бабановду суракка алыш керек, сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүш керек. Ал эми биз Атамбаевдик режим алмашса деле, мурунку режимде көнүп калгандай: Атамбаев бир кылмыш ишин токтотуп коюп, экинчи бир өзүнө жакпаган кишиге кылмыш ишин козготуп коюп, азыр дагы жаңы президент Жээнбековдон да ошондой кадамдарды күтүп жатышат. Жээнбеков чыгып “бул кылмыш иштерин жапкыла, тигилерге кылмыш иштерин козгогула” деп айтат деп күтүшүүдө…”, – дейт Бегалы Наргозуев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ