Menu

Шамурза Бөрүкулов, Москвадагы музейдин кайтаруучусу: «Роза Исаковна, Алмаз Атамбаев экөөң кыргызды колуңардан келишинче кемсинттиңер. Өзүңөр суктанган Европага көчүп кеткиле!» 

Бөлүшүү:

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталып, анда жылаңач кыз чыгып, уюштуруучулар коомчулуктун катуу сынына кабылган. Көпчүлүк аны экс-президент Роза Отунбаева уюштургандай кабыл алып, алыс, жакыны деле социалдык тармактар аркылуу “саламын” айтып, жакшы-жаман сөз жазууда. Анын үстүнө, кечээ, 3-октябрда Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында “айылдыктар, маданиятыңарды көтөргұлө!”,-деп сүйлөп, ого бетер “кырдаалды курчутту”. Ал сөзү алыстагы туугандарыбызга да катуу тийиптир. Алардын бири – Москвадагы мигрант Шамурза Бөрүкулов. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына Роза Отунбаевага жолдонгон пост калтырды.

Анда ал: «Урматтуу Роза Исаковна, мен көпчүлүк эмгек мигранттары катары Орусияда охранада иштеп жүрөм жана шаардагы “Моя история” деген тарыхый музейди кайтарабыз. Мен беш жылдан бери орустардын музейин кайтарып, бир да жолу жылаңач аялдардын жүргөнүн көрбөдүм. Бул жерге музейге садиктин чоң группалары, окуучуларды, студенттерди, солдаттарды экскурсияга алып келишет. Ээрчишип сүйүшкөн жаштар, дем алганы шаардын тургундары, меймандары келишет. Ар кандай иш -чаралар өткөрүлөт: жолугушуулар, жаңы нерселердин бет ачарлары ж.б. Музейдин кызматкерлери жомоктогу каармандардын кийимин кийишип, жаш наристелерге түрдүү утренниктерди өткөрүп беришет. Орустар балдарды жаш кезинен патриоттуулук духка тарбиялап, мекенди сүйүүгө фундамент куюп коюшат. Сиздин акыл өлчөмүңүз менен карай турган болсок орустар да музейдин баркына жетпеген мырктар, искусствону түшүнбөгөн жапайылар экен да. Бөрк ал десе, баш алып европалыктардан да өтүп кеттиңер. Алмаз үкөңүз экөөң кыргыз элин (айрыкча айылдыктарды) колуңардан келишинче кемсинттиңер. Ошол сиз айткан замандан артта калган айылдык мырктардын эсебинен экс болуп бекер нан жеп жатканыңыз менен ишиңиз жок окшойт. Уятыңыз болсо, экс деген макамды тапшырып, башкалардай тиричилик кылыңыз. Мүмкүн болсо ошол өзүңөр суктанган Европа өлкөлөрүнө көчүп кеткиле!”,-деп жазды.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков ушуга жол берген маданият министри Азамат Жаманкуловду элдин алдында кечирим сурашын талап кылды. Акциянын талабы менен феминнале убактылуу токтотулуп, Г.Айтиев атындагы музейдин жетекчиси Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулган. Кечээ, 3-декабрда, маданият министри А.Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын айткан. Бүгүн, 4-декабрда Мира Жангарачева музейдеги кызматына кайтып келээрин кыйытты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: