Ооган айдоочулары Кундуз шаарындагы маанилүү транзиттик жолду бөгөшөрүн айтып, опузалашууда. Бул трасса аркылуу Тажикстанга Пакистандан жүк ташышат. Тажик бийлиги жол ачык экенин, бардык жеңил жана жүк ташуучу унаалар чек арадан тоскоолдуксуз өтүп жатканын ырастоодо.
Күн мурун ооган айдоочулары ооган-тажик чек арасындагы Шерхонбандар портуна чогулуп, Кундуз шаарында тажик визасын ала албай жатышканына нааразычылык билдиришкен. Айтымдарында, алардын унаалары жүктөрү менен бирге Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө буйдалып калууда. Эгер бул маселе чечилбесе, айдоочулар Кундуздагы транзиттик жолду жабышарын эскертишкен. Бул жол аркылуу Пакистан менен Ирандан Тажикстанга курулуш материалдары, картошка, шекер жана тропикалык жемиштер ташылат.
http://www.centralasian.org/a/28442703.html
Маалыматка караганда, Тажикстандын Кундуздагы элчилиги жабылып калгандан бери тажик визасын алуу оорлошту. Буга байланыштуу айдоочулардын көбү Тажикстандын Кабулдагы элчилигине барышууда.
Бул арада Тажикстандын Ооганстандагы элчилиги ооган айдоочуларынын нааразычылыктары тууралуу кабардар эместигин маалымдап, маселе караларын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ