АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай позицияны кармана албаса, анда Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча өз алдынча аракет көрүүгө даяр экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Трамп «Файнэншл таймс» басылмасына берген маегинде жасады. 6-7-апрель күндөрү АКШ президенти Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Флоридада кабыл алат.
“Кытайдын Түндүк Кореяга таасири өтө чоң. Кытай Түндүк Корея маселесинде бизге жардам бериши да, бербеши да мүмкүн. Эгер алар жардам берсе Кытайга жакшы болот, жардам бербесе ал эч кимге пайда алып келбейт”, – деди АКШ президенти.
Трамп Кошмо Штаттар Түрдүк Кореядагы абалга Кытайдын жардамысыз эле реакция жасай ала турганын айтты. Бирок ал бул маселе боюнча кандай аракеттерди көрүшү мүмкүндүгүн тактап айткан жок.
Трамп менен Синин АКШдагы жолугушуусунда Кореядагы абалдан сырткары Түштүк-Кытай деңизиндеги соода жана аймактык талаш-тартыштардын талкууланары күтүлүүдө. Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп Кытайды абийирсиз соода практикасына айыптап, кытай товарлары үчүн импорттук төлөмдөрдү жогорулата турганын айткан. Андан сырткары Пекинди «валюталык манипулятор» деп да атаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ