Menu

Атамекенчи экс-депутат Асия Сасыкбаева баласын абактан сактап калды

Бөлүшүү:

Экс-депутат Асия Сасыкбаеванын уулу Марат Айтимбетов баңгизат үчүн 25 миң сом айып төлөп кутулду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарды. Маалыматта шектүү өз айыбын моюндап, өкүнгөнү айтылат. Эске сала кетсек, Бишкек ИИБнин маалымат кызматы 30-мартта жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында ИИМдин кызматкерлери кичирайондордун биринде эркек кишини текшергенде, оң бутундагы байпагынан полиэтилен баштыкчасын табышканын билдирген. Баштыкчадан порошок түрүндөгү ак түстөгү зат чыккан. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында ал 0,591 гр салмактагы “Альфа PVP” деп аталган психотроптук зат экендиги аныкталган. Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБси Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Кармалган адам экс-депутат, экс-вице спикер Асия Сасыкбаеванын уулу – 1989-жылы туулган Марат Айтимбетов болуп чыккан. Ага карата соттун 2 айга камакка алуу жөнүндө чечими чыккан болчу.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: