Menu

Жолдош Бектурганов фамилиясын өзгөртүп алып, Эмир Чукуевди каралоону баштады

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү «Манас» аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуевге «атака» башталган өңдүү. Маалымат согушун тымызын жүргүзүүнүн аркасында башчылык орунду мээлеп жаткандар турганын байкасак болот. Бизге жеткен маалыматка таянсак мунун артында бир кездеги Бектурганов, азыр фамилиясын Токторбаевге алмаштырып алган Жолдош деген эргулдун карааны көрүнүүдө. Бектурганов «Эйр Кыргызстандын» директору болуп аталган компанияны банкротко кептегени, өз кызыкчылыгы үчүн баарына даяр адам экендигин жакшы билебиз. Эми аэропортко жетекчи болууга жандалбастап, «жашылбайларды» көтөрүп алып таасирлүү кишинин эшигин каккылап жүргөнү жалганбы? Окуянын чоо жайын билели деп Эмир мырзанын өзүнө байланышууга аракет кылганыбызда маалымат катчысы, иштеп жаткан кишиге тоскоол болбошубузду өтүнүп, көчө деңгээлиндеги ушактарга маани берүүгө убактылары жок экендигин айтты. Соцтүйүндө калп-чыны аралаш сөздөр, ушактар тарап, көпчүлүк болбосо да ишенип алгандардын саны арбын эле. Билип-билбей сын пикирин жазгандар да аз эмес.  Деген менен кээ бир учурда “соцтүйүнчүлөрдүн” ызы-чуулары кайсыл бир денгээлде жыйынтык берээрин да айта кетпесек болбойт. Чукуевдин аркасын чукулоо саясаты жыттанып турду.  Кийинки саныбызда кененирээк токтолуп, Эмир мырзанын өз оозунан жооп алууга аракет кылмакчыбыз.

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: