16-июлда Ашхабаддын 10-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, бир наристе мерт болду. Жабыркагандар бар. Күйүк борборуна Гамбурцевдердин үй-бүлө мүчөлөрү оор абалда жеткирилди.
Көп кабаттуу турак жайдын үчүнчү кабатында жашаган Юрий менен анын жубайы Надежданын абалы өтө оор. Алардын бала бакчага барган кызы Еванын акыреги сынган, буттары күйгөн, абалы туруктуу.
Ева барган бала бакчадагы балдардын ата-энелери үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кан тапшырышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ