Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев үчүн жаңы резиденция жана иш кеңсе курулуп баштады.
Өзбекстандын жаңы президенти иштей турган имарат Ташкенттин чок ортосунда орун алат. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, курулуш 5-январда башталган.
Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун “Ак сарайдагы” иш бөлмөсүн ээлеген жок. Ал жер маркум лидердин музейине айланат. Мирзиёевдин иш орду “Ак сарайдын” артындагы аймакта жайгашат.
Өлкө башчы Каримов жашаган “Дурмен” жана “Көк сарай” резиденцияларында дагы болбойт. Ал үчүн өзүнчө имарат курулууда.
Учурда президент Мирзиёев парламент жайгашкан имараттын экинчи кабатында отуруп, өлкөнү башкарууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ