Menu

Равшан Жээнбеков бийликти сындоо менен мамлекеттүүлүккө пайда келтирүүдө

Бөлүшүү:

Саясатчынын оозунда эркин сөзү, бай идеясы жана эч кимге көз карандысыз позициясы болушу кажет. Элдин таламын талашуу менен дайыма бийлик агымына каршы сүзүү оңбогондой оор иш. Дал ушул жолдо Равшан Жээнбеков көп жылдардан бери өзгөрбөстөн, мамлекетчил көз карашынан тайбай, коомдогу болуп жаткан окуяларга карата өз чындыгын айтып келатат. Кимдир бирөөлөргө жагынуу, же бийликке кошомат кылуу (!) сыяктуу жат көрүнүштөрдөн жогору турарын билебиз. Ал дасыккан саясатчы катары кайсы гана тармак боюнча кеп козгобосун, ириде реформаторлук идеялары менен бөлүшө алат. Тескери жолдон оң басууга үндөйт. Тилекке каршы, мындай саясатчынын душманы көп болору башынан белгилүү эмеспи. Буга чейин да, азыр деле Равшан Жээнбековго карата ар кандай кара пиарлар токтобой келет. Чагымчылык маанайындагы атакалар да байма-бай уюштурулуп турат. Бирок, каарманыбыз эч бир моюн бербей, өжөрлүгү, күрөшчүлдүгү менен музду жарган кемедей келатат. Ооба, биздин коомго мындай саясатчылар өтө керек. Реалдуу саясатта бийликке ачык сын айткандар зарыл, ошентип көч түзөлөт, ал эми кошомат кылгандар жолдон адаштырышат. Натыйжада, Равшан мырзанын саясаттагы активдүү ишмердиги өтө маанилүү экенин эске салып, эртеңки тарых барактарынан бааланарын унутпайлы.

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: