Menu

Кыз ала качкан жигит кармалып, камакка алынды. Ал эми канча жылга кесилет?

Бөлүшүү:

Бишкекте кызды ала качкан бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, 19-декабрда кызын ала качып кеткен аял арыз менен милицияга кайрылган. Ал саат 18:30 чамасында Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан 2000-жылы туулган С.К. аттуу кызын «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү машинага салып, ала качып кетишкенин айткан.

Бул факт Жазык кодексиндеги 175-берене (адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Ч.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, ИИМ коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков августта Бишкекте өткөн “Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо” аттуу талкууга катышып, жыл башынан бери Кыргызстанда 118 ала качуу фактысы катталганын, анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо болгонун жана бул иш боюнча көбү сотко өткөнүн билдирген.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча, кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: