Башында президент Алмазбек Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековду баалап, премьер-министр кылып, анан КСДПнын бирдиктүү талапкери катары президенттик жарышка алып чыга турганын аңдаганбыз. Убакыт өткөн сайын Сокенин атаандаштары эки жээктен тең бирдей көбөйүп, аягы кандай болору тунарып турат. Оппозиция тарапты билесиңер, алдарына карабай эле тейтеңдегендер арбыды. Ал эми бийлик азырынча Аалы Карашевди «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» таптап жаткандай сезилүүдө. Өзгөчө Аалы мырзанын илбериңки мамилеси, иш-билги сапаты Атамбаевге жакканы, экөө мамлекеттик чоң маселелерди акылдашып чечип калышканын Акүйдөгү өздүк булактарыбыз ырасташууда. Президенттин эң жакын адамына айланган Карашевдин келечекте багы ачылып, КСДПнын бирдиктүү талапкери катары чыгышы мүмкүн. Ал буга чейин бир топ жылдар бою Акүй аппараттарында иштеген, губернатор, кадр кызматы жана эки ирет 1-вице-премьер-министр катары эмгектенген. Конфликттен алыс, көп маселени акыл менен калчап, эмоциясыз чече турганы айтылып келет. Душмандарына, көралбастарына каяша жасап, өчөштүрбөгөн жайы бар. Эгер эртең Атамбаев: «Соке досум, өзүң премьер катары иштей бер, Аалыны президент кылалы» десе каршы чыкпайт. Себеби, Жээнбековдордун кланы бул бийликтин тушунда армансыз карьералык секириктерди жасашты. Анүстүнө бул үй-бүлө Кудайга топук кылып, шүгүр кылуу менен жашаганы белгилүү.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ