Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Атамбаев ылгабай сүйлөй берген “талантын” жоготпоптур”

Бөлүшүү:

—Каныбек агай, Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнөн эмнени байкадыңыз?

—Экс-президент катуу сүйлөдү. Расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө болгон көз карашын, жеке таарынычын өзгөчө эмоция менен билдирди. Атайын даярданып келгени көрүнүп турат. Анын үстүнө бул инсандын сүйлөө стили башкача эмеспи, тартынбай, ылгабай, айта берет, ошол «талантын» жоготпоптур. Мурда Президент. С.Жээнбеков боюнча «сыйапаттап» айтып жүрсө, бул сапар ачык эле анын жеке аброюна шек келтире турган эпиттерди колдонуптур. Аттиң дейсиң! Атамбаев өзүнүн көз карашын көчө сөзү менен эле эч нерсеге оробой айтып салды. Бул уят. Ал эми митинг купулума толгон жок.

—Парламентти «чимкирик», Президентти «мусулман эмес, мунафык» дегенин кандай бааласак болок?

—2015-жылы өзү ошол эле жакын санаалаштары, коюн-колтук алышып жүргөн достору менен чогуу сүйрөп алып өткөн 6-чакырылыштагы депутаттарды «чимкирик» деп дагы бир атаганын көрдүк. Мындай сөзгө депутаттар деле көнүп калгандай. Бир, экөөсү каршы сүйлөмүш болот, калганына баары бир. Биз парламентте отурган учурда Атамбаев депутаттардын кээ бир бөлүгүн сатып алган деген сөздөрдү угуп калчумун, бирок азыркыдагыдай мазактаганына алы жетчү эмес. Атургай, 5-чакырылыштагы ЖКнын отурумдарына келгенден коркуп, жаа бою качып жүрчү. Ал учурда саясий кырдаалдагы башкача эле, парламенттин курамы да өзгөчө болчу. Азыркы депутаттардын баардыгы Атамбаевдин «батасын» алып, адам болгондор. Алардын колун Атамбаев өзү «адалдаган». Ошондуктан ал тигилерди каалашынча мазактап жүрбөйбү. Атүгүл
президентти да мазактады. Сооронбай Жээнбековдун дарегине айткан «шайтан, мунафык, мусулман эмес, легитимсиз, зоотехник, колхоздун башкармасы, башында колхоз менен Кокон хандыгы жатат деген сындуу ж.б.» сөздөр бүт ыргыз элине көө сүйкөгөн иш болуп калды.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: