Өткөн айда Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматына Саккараев Марс Намарбекович деген немени алып келишти. Ал учурунда мэриянын май талкан кызматтарын аркалап, кадимки Данияр Үсөновдун жардамчысы, көздөй кадры катары карьералык секирик жасаган адам катары коомчулукка таанылган. Анан калса, бир учурда так ушул эле Аламүдүн районунун акими кызматын аркалаган бул эргул. Бир кезде кыйратып иш көргөзө албаган неме, кайрадан жетекчи болуп келгенде эмнени кыйратышы мүмкүн? Же Марс мырзаны кызматтан-кызматка коюп, «саап» атышабы? Жергиликтүү эл деле кыртышы сүйбөй, «Саккараевге караганда районго 10 саан уй алып берсе элге пайдалуу болмок» дегендер да жок эмес. Чын эле Намарбековичти Аламүдүн районуна кайрадан аким кылып алып келүүгө ким кызыкдар болду экен?!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ