Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо маселеси бүгүн чечилет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-мартта ЖКдагы Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин көтөрдү.

Ал премьер-министрге кайрылып, “Өзгөчө кырдаал жарыяласак кандай дейсиздер?” – деп суроо узатты.

“Өзгөчө кырдаалды киргизиш үчүн мыйзамга жооп бере турган шарттар керек. Мисалы, бир облуска киргизиш үчүн, эки райондо өзгөчө кырдаал болушу керек. Республикага өзгөчө кырдаалды киргизиш үчүн эки облуста өзгөчө кырдаал болуш керек. Бул маселени бүгүн чечкен жатабыз” – деп жооп берди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Депутаттар жакшы сунуштарды берип жатышат. Керек болсо, ишемби, жекшемби күндөрү да иштеп, бир жыйынтыкка келели. Өзгөчө кырдаалды киргизе турган болсо, эртең кеч болуп кала электе киргизиш керек” – деди депутат.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда таажывируска байланыштуу Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтып, бүгүн кечке чейин өкмөт бул маселени чечерин айтты.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6.  (Сузак жана Ноокат райондорунда),  Обсервацияда – 410.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: