Menu

Депутат Алмазбек Эргешов: “Бала бакчалардын имараттары менчиктештирилип кеткен же баш мекемелерге берилген”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Алмазбек Эргешов элет жергесинде бала бакча жетишсиз экенин айтты.

“Өлкө аймагында 1390 бала бакча бар, анын ичинде 248 бала бакча мамлекеттик, калганы жеке менчик болуп саналат. Бала бакча ачууга лицензия алуу жол-жоболору кыйла жеӊилдетилгенине карабастан, эч ким бала бакча ачпай, элет жергесинде бала бакча жетишсиз болууда. Ордо калаада деле акыбал андан жакшы эмес, ушу тапта Бишкек шаарында 2 миӊден ашуун бала бала бакча кезегинде турат. Совет доорунда 1696 бала бакча болсо, 2000-жылы 400 гана мектепке чейинки мекеме калыптыр. Көп бала бакчалардын имараттары менчиктештирилип кеткен же баш мекемелерге берилген. Жок дегенде ошол имараттарды кайра кайтарып алуу зарыл», – дейт эл өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: