Menu

Президенттин портрети менен ойногон мэриянын кызматкерлери кечирим сурады

Бөлүшүү:

“Ойной албаган бала орсок уй саайт”,- демекчи, биздин айрым чоп чоң эле мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер обу жок жоруктары менен өздөрүнүн деңгээли өтө төмөн экендигин көрсөтүшүүдө. Жакында Бишкек мэриясына караштуу “Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери президент С.Жээнбековдун портретин көтөрүп ойноп жүргөн видеосу тарап кетти. Анда кызматкерлердин бири тамашага салып, Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео пайда болгон. Кабинетте үчүнчү адам дагы отурган.

Ошол эле учурда шаар бийлиги президенттин портрети менен ойногон Бишкек мэриясынын кызматкерлери катуу жазалана тургандыгын билдирди.

Эки кызматкер «Чык эшикке» деген сөздү айтышкан. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин так ушул сөздү айтып кууп чыккан.

Видео тарагандан кийин вице-мэр Алмаз Бакетаев пландык жыйын учурунда вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана “Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошовго тасмадагы кызматкерлерге катуу чара көрүү тапшырмасын берген.

Кийинчерээк Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады.

“Бүгүнкү кемчилигибиз үчүн кечирим сурайбыз, уят нерсе болду. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден дагы кечирим сурайбыз.. Сөздүн ачыгы, бизде жаман ой болгон эмес. Портреттин жиби үзүлүп калгандыктан байлап коелу деп алган элек… Ушундай болуп калды. Кечирип коюңуздар”,- деди алардын бири.

Экинчи кызматкер дагы кечирим сурады. Бирок мамлекет башчыбызды ушундай шылдыңга алган чиновниктер карапайым элге кандай мамиле жасайт болду экен?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: