Menu

Ферганада курсагына ок жеген чек арачынын өлүмү иликтенүүдө

Бөлүшүү:

8-июлга караган түнү кыргыз-өзбек чек арасын кайтарып жүргөн өзбек жоокери Бобир Мирзаев курсагына тийген октон каза болгон.

Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш аскердик бөлүгүнүн өкүлү азырынча чек арачыны ким аткандыгы белгисиз экенин билдирди.

– Бул жигит түнкү кароолдо турган. Учурда ишти Аскердик прокуратура иликтеп жатат. Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси прокуратурага чакырылды. Азырынча жоокер кантип октон жаракат алганы белгисиз. Далил катары алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлүп, тергөө жүрүп жатат. Азырынча ал өзүнө ок чыгарган деп айта албайм», — деди Куралдуу күчтөрдүн өкүлү.

Бирок каза болгон жоокердин атасы Собир Мирзаевдин айтымында, Коргоо министрлигинин Бухара шаардык бөлүмүнөн ага уулу өзүн атып өлгөнүн билдиришкен.

​– Мага уулум куралга ок салып жатып кокустан өзүн атып алганын айтышты. Мен буга ишенбейм. Дарыгер катары ага ок алыс аралыктан атылган деп жүз пайыз ишенимдүү айта алам», — деди маркум жоокердин атасы.

Собир Мирзаев уулу башка аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине күбө болуп калгандыктан ок жеген болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: